Лейлек районунда жаратылыш кырсыгынан катуу жапа чеккен үч мектепте жаңы имараттардын курулушу жүрүп жатат. Андан сырткары Катраң айылындагы № 5 гимназия-мектебинин имараты толугу менен бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу “Азаттыкка” Лейлек районунун акими Кубанычбек Шайназаров маалым кылды. Ал эми окууга таптакыр жараксыз болгон “Өзгөрүш” орто мектебинин ордуна курулуп жаткан жаңы мектептин имараты курулуш материалдардын жетишсиздигинен жана каражаттын толугу менен бөлүнбөй калгандыгынан жаңы окуу жылына бүтпөй калган. (SA)
18:36 Лейлектеги жер титирөөдөн талкаланган “Өзгөрүш” мектебинин окуучулары жаңы окуу жылында чатыр мектепте окушат