Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:34

ТБИЛИСИ: ОРУСИЯНЫН СОГУШТУК УЧАКТАРЫ ЧЕГАРАБЫЗДЫ БУЗУУДА


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Грузия 6-августтан бери аба менен келип жериме бомба таштады деп Орусияны айыптап атат. «Рейтер» агенттиги аркылуу грузиялык ИИМ жетекчиси Вано Мерабишвили айткан маалыматта орусиялык эки согуштук учак Грузиянын аба мейкиндигин бузуп кирип, бири 700 килограммдык бомба таштаган, бирок бомба түшкөн жерине сайылып, жарылбай калган.Ошондон бери Москва менен Тбилиси ортосунда бирине бири күнөө коюу уланууда жана азыр аларды чет өлкөлүк өкүлдөр арачалай баштады.

Шаршемби күнү Грузиянын коргоо министринин орун басары Бату Кутелия журналисттерге таркаткан маалыматы боюнча кийинки үч айдын ичинде өлкөнүн аба мейкиндигин орусиялык бомба таштачу учактар тогуз жолу бузушкан. Ошондон улам мындай аракетти Кремлдик бийлик атайылап жасатып атат деген.
Чегараны бузуу кандай болорун тоолуу өлкө сайты мындайча жазат. Маселен: «21-августта саат 18:46-18:49 грузиялык абадан болчу чабуулду туйдурчу система Омаришар кыштагы (Орусиялык тарап – ММ) жактан согуштук учактар эки жолу грузиялык жердин беш чакырым тереңине кирип барып кайра тарышканын кармап алды. Учактар 4 миң метр бийиктикте, саатына 470-490 чакырым жүргүдөй ылдамдык менен түндүк батышты карай өтүп кетишти» - деп жазган.

Ырасмий Орусия болсо Тбилисинин датын таңуулап аткан жалаа деп атоодо. Үстүдөгү ай ичи бүт «орусиялык бомбанын грузиялык жерге тийишинен» улам жанган чыр басылбай туруп алганда, Батыш Европа менен АКШ арага түшүүгө аргасыз болушту. Ошол себептүү Кошмо Штаттардын мамлекеттик департаментинин өкүлү Шон Маккормак журналисттер алдында:«Биз бул окуянын чын-төгүнүн анык билүүгө ынтызарбыз. Бирок, кандай болгондо да, эгемендүү өлкө жерине кирип барууну айыптоого болот», - деген.

Бириккен улуттар уюмуна Орусиядан атайын өкүл Виталий Чуркин таркаткан маалыматта: «Тбилисинин 6-августа жериме Маскөө бомба таштады дегени - айың кеп, ал атайылап жасалып аткан чагым»- деп айтылат. Ага жоопту бул уюмга Грузиядан атайын өкүл Ираклий Аласания айткан:

«Аны (бомба таштоону – ММ) көз карандысыз эксперттердин эки тобу текшерип, Грузиянын аба мейкиндигин бузган согуштук учактар чын эле орусиялык учактар болуп чыкты деген бүтүмгө келишкенин дагы бир жолу белгилегим келет», - деген.

Маскөө болсо жалаа кеп деп андай ойду четке кагууда. Маселен, Орусия өкүмөтүнүн биринчи орун басары Сергей Иванов: «бул жаңжал Түштүк Осетия менен Абхазия жана Грузия кармашын басуу үчүн түзүлгөн комиссияны иштетпөө максатта жасалып атат», - деген.

Ал эми ИНТЕРФАКС агенттигине берген маегинде Орусиялык согуштук аба күчтөрүнүн башкы буйрук берүүчүсүнүн жардамчысы Александр Дробышевский:
«Орусиянын согуштук аба күчтөрүнүн учактары 21-августа Грузиянын чегарасын бузган жок», - дейт.
Ошол эле учурда кийинки төрт жыл ичи: 2003-жылы 26-июнда, 28-августта, 2004-жылы 26-мартта, 7-июлда, 15-ноябрде, 2006-жылы 21-февралда, 26-майда, 12-августта… грузиялык аба мейкиндигине кирип келгендиги үчүн орусиялык бийликке Тбилисинин ырасмий эскертүүлөрү жасалган.

XS
SM
MD
LG