Буга байланыштуу кыргыз өкмөтү өткөргөн жыйында Камбарата-1, Камбарата-2 ГЭСтерин менчикке чыгаруунун түрлөрү боюнча сунуштар айтылды. Аталган ГЭСтерди менчикке чыгаруу боюнча “Электр станциялары” АКнун сунушу талкууга алынды. Анда Камбарата-1-2 ГЭСтерин концессияга берүү же биргелешкен ишкана түзүү сунуштары айтылды. Ал эми “Түндүкэлектро”, “Бишкек жылуулук тармагы” жана борбордук ТЭЦти бир инвесторго берүү тууралуу сунуш айтылып, бирок жумушчу топ тарабынан колдоого ээ болгон жок деп билдирет өкмөттүк маалымат кызматы. (ZKo)
12:00 “Түндүкэлектро”, “Бишкек жылуулук тармагы” жана борбордук ТЭЦти менчиктештирүүнүн үлгүлөрү чечилүүдө