Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:12

13:30 Өкмөттүк тапшырмалардын ишке ашуусу көзөмөлгө алынат


Кыргыз өкмөтүнүн аппарат жетекчиси, министр Мурат Исмаилов бир катар министрликтерге жана агенттиктердин жетекчилерине кат жөнөтүп, өкмөттүн токтомдорун, тапшырмаларын жана бир катар нормативдик-укуктук актыларды мөөнөтүнөн кечиктирбей ишке ашырууну көзөмөлгө алууну тапшырды. Ошондой эле өз убагында аткарылбай калган иштер боюнча атайын акт түзүү талап кылынды. Министрдин каты транспорт жана байланыш министрлигине, саламаттыкты сактоо жана билим берүү министрлигине, өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигине, каржы министрлиги менен калкты жумуш менен камсыз кылуу жана миграция боюнча мамлекеттик комитетине жиберилди. (ZKo)

XS
SM
MD
LG