Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:36

ТҮШТҮК ЖЕРГЕСИНДЕ МУГАЛИМДЕР ЖЕТИШПЕЙТ


Саналуу күндөрдөн кийин мектептерде жаңы окуу жылы башталат. Ош облусуна караштуу 517 мектеп даяр болгону менен, билим журттары 532 мугалимге зар. Мектептер окуу куралдары менен 81,7 пайыз гана камсыз этилген. Кыргыз адабияты, физика, англис жана өзбек тили китептери дээрлик жетишсиз.

Ош облустук мамлекеттик администрациясынын социалдык-маданий өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Мамырайым Дуванаев дубандын мектептери толук ремонттолуп, жаңы окуу жылына белендигин билдирди. Ал эми жаңыдан курулуп жаткандары 1-сентябрда тапшырылаарын кошумчалады.

- Жалпылап айтканда, облустагы 517 билим берүү мекемелеринин 509 мектептин толук ремонт иштери аяктады. 1-сентябрга карата пайдаланууга тапшырылды, - деди Мамырайым Дуванаев.

Ошентсе да, облустук агартуу башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Махира Абдукаримова жаңы мектептерге 2002 комплект парта, 160 даана класстык доска жеткирүү зарылдыгын баса белгиледи.

- Бизге 2007-2008 окуу жылында республикалык бюджеттин эсебинен жана ашар жолу менен бүтүрүп берген мектептерибиз бар. Ошол мектептерди эмерек менен камсыз кылуу үчүн биз облусубузга кайрылганбыз. 2002 комплект парта, 160 класс доскалары керек. Бул боюнча биз министрликке, өкмөткө кайрылганбыз. Биз ишенебиз жаңы окуу жылына карата жаңы ачыла турган мактептерге эмеректерди эртерээк чечип берет деп, - деди Махира Абдукаримова.

Өзгөн шаардык элге билим берүү бөлүмүнүн башчысы Илхомжан Абылкасымов балдарга шашке тамагын уюштурууда жергиликтүү бюджетке күч келип аткандыгына, ашпозчулардын маянасы дале чечилбей жаткандыгына жан күйгүздү. Ошондой эле депозит системасын жаш мугалимдердин баарына тегиз кийирүүнү сунуш этти.

- Азыркы заманда эч ким бекер иштебейт. Ашпозчуларга, техникалык кызматкерлерге маяна чегерүү абзел. Мындан тышкары жумушка жаңы орношкон жаш адистердин баарына тегиз депозит системасын кийирген оң. Мен мурдатан эле ремонт үчүн акчаны окуучу башына бөлгөн принципке каршымын. Каражатты мектептердин чыныгы акыбалына карап ажыратыш керек, - дейт Илхомжан Абылкасымов.

Карасуу райондук ата-энелер комитетинин мүчөсү Толгонай Эшпаева агартуу жаатындагы мамлекеттин камкордугуна ичи чыкпагандыгын жашырбады. Шашке тамактын, ремонттун, мектеп курулуштарынын эсебинен коррупция тамырлап бараткандыгын какшады.

- Кенже класстардын ичкен тамагын көрүп уяласын. Ушинтип тамак бербей эле койбойбу. Курулуш, ремонту деле эптемей. Мектептердин сапатын ойлошпой чала бүтүрүп жатышат. Айтор баарын коррупция басып кеткен окшойт,- дейт Толгонай Эшпаева.

Ош облустук билим берүү башкармалыгынан алынган соңку маалыматка таянсак, алыскы райондорго англис, орус тилдери, математика, физика, информатика, дене тарбия адистиги боюнча 532 мугалим жетишпейт. Былтыр ушундай таңкыстыктан улам 402 пенсионер агартуучу аргасыздан ишке тартылган. Мындан тышкары окуу жайлары быйыл окуу куралдары менен 81,7 пайызга гана камсыз этилгендиги кабатыр кылбай койбойт.
XS
SM
MD
LG