Бүгүн Карасуу районундагы “Достук” чегара постунун кызматкерлери Өзбекстандык үч жаранды чегараны мыйзамсыз бузуп киргендиги үчүн кармашты. Чегара кызматкерлери аларды Карасуу РИИБнө өткөрүп беришти. Мамлекеттик чегараны мыйзамсыз бузуп кирген жарандарга административдик жаза колдонулган соң, алар өзбек тарапка өткөрүлүп берилди. Жергиликтүү байкоочулар Кыргызстандын чегарасын мыйзамсыз бузуп өтүү күн сайын болуп турган күнүмдүк көрүнүш болуп калгандыгын белгилешет. (ATo)