Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:31

КАРТИНГ БОЮНЧА ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК КУБОГУ


26-августта Алатоо аянтында картинг боюнча Эгемендүүлүк Кубогу үчүн мелдеш болуп өттү. Мөрөй талашууга кыргыз өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери, айрым министрлер, мамлекеттик комитет, агенттиктин жетекчилери, маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана “Бител” компаниясынын кызматкерлери катышты.

Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 16 жылдыгына арналган картинг боюнча өлкөнүн кубогун өкмөттүн басма сөз кызматы уюштуруп, мелдештин демөөрчүсү «Бител» компаниясы болду. Мелдеште өкмөттүн жана өкмөттүн аппаратынын командасы, «Бител» компаниясынын жана маалымат каражаттарынын командасы мөрөй талашты. Өкмөттүн басма сөз кызматынын сектор башчысы Болот Жумабаевдин айтымында мындай мелдеш алгач ирет өткөрүлүп, коомчулук менен байланыштуу чыңдоо максатын көздөйт.

Таймашуунун ачылыш аземинде Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасы Орзубек Назаров мелдеште өкмөт мүчөлөрү, министрлери менен бардык команда мүчөлөрү бирдей укукта күч сынашаарын билдирди.

Кыргызстандын туризм боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Турусбек Мамашевдин пикиринде картинг спорту кызыктуу жана көп машыгууну талап кылат.

-Мелдештин катышуучулары картинг унаасына алгач ирет отурган үйрөнчүктөр. Анын үстүнө өкмөт мүчөлөрүнүн командасынын орточо жаш курагы элүүнүн тегерегинде, жаштарга алдырбоого аракет кылабыз. Өкмөт командасын оңой менен жеңе албайсыңар,- деди Миграция жана калкты иш менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы Айгүл Рыскулова.

Кыргызстандын картинг федерациясынын кызматкерлери жарыш жолун даярдап, мелдешке старт берилди. Ар бир команданын сегиз мүчөсү бир саатка чукул картинг менен улам алмашып жарышты.

Жыйынтыгында Эгемендүүлүк кубогуна жана биринчи орунга өкмөттүн аппарат кызматкерлери ээ болушту. 2-орунду мелдештин демөөрчүсү «Бител» компаниясынын өкүлдөрү жеңип алышты. Байгелүү үчүнчү орун министрлер командасына ыйгарылды. Ал эми маалымат каражаттарынын өкүлдөрү акыркы болуп калышты.

Өкмөттүн аппарат башчысы, министр Мурат Исмаилов мындай мелдешти ар жылы өткөрүүнү салтка айландырууну белгилеп, "өкмөттүн аппаратын жетектебесем, «автогонщик» болмокмун",- деп тамашалады.

Мелдештин катышуучусу, “Вечерний Бишкек” гезитинин кабарчысы Кубанычбек Мукашевдин айтымында журналисттер командасында биримдик жана тажрыйба жоктугу байкалып, атаандаштарына алдырып койду.

Эгемендүүлүк күнүнө карата улуттук картинг федерациясы тарабынан өлкөнүн тандалма командасынын мүчөлөрүнүн да мелдеши уюштурулду.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG