Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:26

ЧЕК АРАНЫ БУЗУП ӨТКӨН ЖАРАНДАРДЫН АЯГЫ ТЫЙЫЛА ЭЛЕК


26-августта Кыргызстанга караштуу Достук постунан Өзбекстандын үч жараны чек араны бузуп өткөндүгү үчүн кармалды. Аларга административдик чара көрүү иретинде иш Карасуу райондук ички иштер бөлүмүнө жөнөтүлдү. Чек араны кыйгап өтүп, Кыргызстанда соода кылгандардын же эмгек талааларында иштегендердин эсебин тактоо кыйын, жан багуунун аргасын кылып, чек арадан ууру жолдор менен өтүп келип-кетип жаткан жарандардын мисалдары толуп жатат.

Саат 9 жарымдан 11ге дейре Кыргызстанга таандык “Достук” чек ара бажы постунун маңдайындагы тар көчөдө отурдук. Ууру жол аркылуу 183 киши, 69 автомашина, 27 велосипед жүк ташып өтүштү. Алардын айрымдарын кепке тарттык.

-Кыргызстандын жаранымын, күндө ушундай турмуш, чек арачы, бажычылар акча сурап тажаткандан аргасыздан мыйзамсыз жолго түштүк. Мөмө жемиш алып өтүп жатабыз. Аларга кичине жеңилдик бериш керек. Себеби, алар ачып-кычып кетет. Бажычылар акчаны башында 10 сомдон алышат. Андан чекарачылар 20 сомдон алышат. Бул жактагылар болсо товарга карап 50 сомдон жогору алып коюшат. Акчаны көп ала баштады. Эл кыйналып жатат чындыгында, - дейт соодагер Айгерим.

Ал эми Өзбекстандын Анжиянынан келген Өктөмкан апа мекенинде жашоо өтө оор экендигин, негизги тиричилиги Кыргызстандын базарында жүрүп жаткандыгын жашырган жок. Бирок, жол тоскондор акчасын да, товарын да өөнөй беришип, курутушкандыктан ушунтип контрабанда нугуна ыкталып кеткен экен.

- Өзбекстанда жашоо кыйын. Маянабыз эч нерсеге жарабайт. Бактыбызга коңшу экенсиңер силерге каттап аман калып жатабыз. Себеби, арзан продукцияларыбызды Карасуу базарында кымбаттыраак сатканга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Менимче эки өлкөнүн президенттери Каримов жана Бакиев дагы бир сүйлөшүп, жолду ачып койсо болмок, - дейт Өктөмкан апа.

Кыргызстандык Уултай аттуу келин адеп мөөр баса бергенинен паспорту толуп бүткөндүгүн, аны жаңылоо да кымбатка түшөөрүн, дегеле эки өлкө элинин байма-бай каттоосуна бөгөт коюп таштоо керектигин сынга алды.

- Күндө товар алып, товар сатабыз да. Паспортубуз мөөргө толуп кетти. Айла жок, ушундай ууру жолдор менен өтөбүз. Ошондо деле чыгашабыз бир топ болуп кетет,- деди Уултай.

“Достук” чек ара бажы постунда турган күзөтчүлөр аты-жөнүн атабай, атүгүл үндөрүн жаздыруудан ого бетер чочулап, ошол эле учурда ууру жолдор Кыргызстандын Өзбекстанга чектеш ар бир айылында бардыгын аларга көзөмөл жүргүзүүгө кымындай укугу жоктугун кошумчалашты.

Оштогу “Мыйзамдуулук аракеттер” бейөкмөт уюмунун директору Эргешбай Садыков эки мамлекет жарандарынын өз ара каттоосун жөнөкөйлөтүү, бажы жана чекарачылардын ары-бери өткөн жарандарды талап-тоноосун тыюу, чек араны бузуп өткөндөрдү административдик эмес кылмыш жоопкерчилигине тартуу керектигин баса белгиледи.

- Өзбекстандагы эмгек мигранттары бизде көп иштейт. Булар башка жолдор менен өтүүгө мүмкүн эмес. Тиричилиги ушул жакта болуп жатат. Эки өлкөнүн президенттери Бакиев менен Каримов биргелешип чечип койбосо, бул эки элдин ортосунда чыр чыгып кетиши турган кеп, - дейт Эргешбай Садыков.

XS
SM
MD
LG