Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 20:24

27-АВГУСТ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Бурана жана Шамшы болуштуктарынын кыргыздары 1916-жылдын бул күнү Шамшы ашуусун ашып, Кочкор өрөөнүнө түшүшкөн. Фрунзе шаардык жумушчу, дыйкан жана кызыласкерлер кеңешинин өтүнүчүнө ылайык, Элдик комиссарлар кеңеши 1928-жылы борбор шаардын тышкы чегин кеңейтүү туурасында чечим чыгарды.

Ысыккөлдүк кыргыздардын 1916-жылкы көтөрүлүшү август айынын жыйырмаларында толугу менен солгундаган. Жетисуу аскер губернаторунун буйругуна ылайык көл кылаасына кошумча аскер күчтөрү киргизилип, кыргыздардын козголоң толкуну акырындап басаңдай берди. Кыргыздардын Пржевальск шаарын басып алуу коркунучун жоготуу максатында 27-август күнү жүзбашчы Волковдун аскер отряды Пржевальскийге киргизилген.

Чүйдөгү кыргыздардын көтөрүлүш катышуучусу Дүйшөкө Мамыровдун маалымдоосуна караганда, Бурана жана Шамшы болуштуктарынын кыргыздары 1916-жылдын бу күнү Шамшы ашуусун ашып, Кочкор өрөөнүнө түшүшкөн. Ал жерде Кочкор суусунун боюна Темирбулак, Абайылда, Буланбай болуштуктарынын адамдары чогулуп жаткандыгы туурасында кабар тараган.

Фрунзе шаардык жумушчу, дыйкан жана кызыласкерлер кеңешинин өтүнүчүнө ылайык, Элдик комиссарлар кеңеши 1928-жылы борбор шаардын тышкы чегин кеңейтүү туурасында чечим чыгарды. Фрунзе шаары эми Пишпек темир жол станциясы жана Жумушчулар шаарчасынын эсебинен түштүк-батыш багытында өсүү мүмкүнчүлүгүнө жетишкен.

Республикалык радио уктуруу дирекциясы 1954-жылдын бу күнү бүткүл кыргызстандыктарды жаңы сатып алынган радиоприемниктерди үч күндөн калбай жергиликтүү бийлик байланыш түйүнүндө каттодон өткөрүү туурасында катуу эскертти. Дирекциянын эсскертүүсүндө радио аппараттары иштеген же бузук экендигине карабастан, каттого алыныш керектиги айтылат.

Партиялык кысым жана баканооздукка карабастан, шаардык айрым интеллигенция өкүлдөрү «душман үнү» эсептелинген «Азаттык», «Америка үнү», «БиБиСи» сыяктуу программаларды угуудан калган эмес. Мындан улам, Кыргызстандын партия жетекчилиги Совет көчөсүнө идеологиялык душман радиолорун өчүртө турган станция курдурган.

Кыргыз чөлкө таануу музейи уюштурган зоологиялык экспедиция Ысыккөлдөгү чалгындоо ишин 1939-жылдын бу күндөрү жыйынтыктаган. Зоологиялык экспедиция тарабынан көл кылаасын байырлаган 64 жапайы жаныбар, 128 түр канаттуу, 112 түр курт-кумурска, 57 түр сойлоочулар, балыктын 81 түрлөрү каттоого алынган. Алардын айрымдары зоологиялык адабиятта эскерилбегендиктен экспедициянын иши айрыкча жемиштүү өттү деп бааланган.
XS
SM
MD
LG