Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:15

АТБАШЫДА “КОШОЙ-КОРГОН» ТАРЫХЫЙ-МАДАНИЙ КОМПЛЕКСИ АЧЫЛДЫ


25-августта Нарын облусунун Атбашы районундагы Кошой Коргон шаар урандысынын жанында “Кошой Коргон” тарыхый-маданий комплексинин ачылыш аземи болду. Комплекстин ачылышына карата эларалык фестиваль өткөрүлдү.

Атбашы айылынан 12 чакырым батыш тараптан орун алган Кошой Коргон тарыхый шаарча жөнүндө али күнгө чейин бир да так маалымат жок. Жалпы аянты 6 гектарга жакын жерди ээлеген узун-туурасы 245-250 метр аралыкты түзгөн табышмактуу курулуш жай тууралуу жергиликтүү элде аңыз кеп арбын.

- Биз укчубуз Кошойдун эшигинин сол жагында дарбазанын түбүндө алтын бар деп. Аны кайтарган жылан бар. Ишенбесеңер жез коңгуроону ошол тарапка каратсаңар үн чыкпай калат деген, - дейт Атбашы районундагы Дыйкан айылынын тургуну, ардагер Асан Өмүрбеков.

Шаар чалдыбарына ирегеде жайгашкан Карасуу айылынын тургуну ардагер Совет Койкеев мындай дейт:

- Бишкекте 80 сотых 6 гектарга чукул жер аянты ошол кездерде илгери ушунун ичинде кандайдыр бир коргондун ичинде адам жашай турган ушунчалык имараттардын тургузулганын мурунку кишилерден укканбыз.

Жергиликтүү дагы бир тургун Абилен Үсөнов атасынан буларды уккан:

- Менин атам өзү айтчу. Коргондун үстүнөн араба жүрчү. Азыр көрүп турасыздар көп жоготуу, көп ылдый болуп келе жатат,-

Карасуу айылында туулуп, кийин айыл чарба илиминин доктору Өмүркул Дүйшөкеев бул жай терең казылса, баалуулуктар табылышы мүмкүн деп эсептейт.

-Оң жак бурчунда бул жагынан карагай, тигил жагынан жалпак-жалпак кылып туруп куюптур чопону. Аябай бышык куйган. Болжолу кымбат буюмдарды ошол жерге сактаган жай болушу мүмкүн. Илгери археологдор бир сыйра казып кеткен. Бирок, алар үстүртөн казып коюшкан окшойт. Эгерде тереңирээк казса баалуу буюмдар чыгып калышы ыктымал, - дейт Өмүркул Дүйшөкеев.

Өлкөнүн маданият министри Султан Раев дагы эле ушул уникалдуу жер дагы деле болсо тарыхый тизмеге кире электигин моюнга алды.

Кошой Коргон тарыхый маданий комплексин куруунун демилгечиси болгон Жогорку Кеңештин депутаты Аскар Салымбеков музейдин ачылышында мындай деди.

- Бул Кошой Коргондо археологиялык казууларда табылган Караханит доорундагы соода сатыкта жүргүзүлгөн тыйындар, кол өнөрчүлөрдүн керемет кооз буюмдары, ар түрдүү курал жарактар жаанын жебелери, калдыктары турат,- деди Аскар Салымбеков.

Комплекстин ачылышына мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров тик учак менен учуп келди.

- Эмне үчүн биз ар дайым эле “биз кимбиз” деген суроону бере берет деген тыңчылар көп чыгып жатат. Мен ачык айтайын. Кыргыз мамлекети, кыргыз эли азыркы басып отурган өзүнүн жолунда “биз кимбиз” деген суроого толук жооп тапмайынча алга карай жылышыбыз кыйын. Биздин ата-бабалар ким деген маселени коюшубуз керек. Биздин тамырыбыз кайда деген маселени коюшубуз керек. Кайсы бир мамлекетке барганда алардын жолун жолдойлу, деп жүрө бергенибизде анда биз улуттук маданиятыбызды жоготуп койгон болобуз, - дейт Адахан Мадумаров.

Өлкөнүн маданият министри Султан Раев тарыхый эстеликтерди коргоо боюнча мамлекет тараптан каражат бөлүнбөйт деп кошумчалады.

- Тарыхый эстеликтерди коргоо боюнча бизде мыйзам да кабыл алынган жок жана мамлекет тараптан программа да жок. Казактарда бар. Алар эки жыл мурун кабыл алышты. Ошол программанын алкагында алар Казакстандын бюджетине 40 миллион доллар бөлүп берген. Биз азыр иштеп жатабыз ушул программа боюнча. Бизде Кыргызстанда бир тыйын да бөлүнбөйт тарыхый эстеликтерди коргоо боюнча. Биз тарыхый эстеликтерди коргойбуз, туризмдин негизги обьектисине айланабыз десек биз сөзсүз түрдө мамлекеттик программа иштеп чыгышыбыз керек,- деди Султан Раев.
XS
SM
MD
LG