Жарандык коомдун активдүү лидерлеринин бири бүгүн бул тууралуу маалымат каражаттарына билдирүү таратып, аталган партияга өтүү себептерин ачыктайт. Ал программасы жаккандыктан ушул партияны тандап алганын «Азаттыкка» билдирди. «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясын бир канча жыл жетектеп келген Эдил Байсалов ошондой эле партияга азырынча мүчө катары өтүп жатканын, жакынкы күндөрдө партиянын саясий кеңешинин отуруму, октябрь айында курултайы өтөөрүн кошумчалады. Кыргызстан социал-демократтар партиясынын төрагасы премьер-министр Алмазбек Атамбаев экени белгилүү. (SM)