New York Times гезитинин кечөөкү санында Кыргызстан тууралуу бир сүрөт баян жарыяланып, анда “1991- жылы эгемендик алгандан бери демократия менен авторитардыктын ортосунда, бирде нары, бирде бери чайпалып келаткан бул өлкө кийинки жылдардын ичинде маданияттардын жана саясаттардын тогошкон аймагы катары кайрадан көз жарып жатат” деген пикир баяндалган.
Nezavisimaya Gazeta басылмасынын өткөн аптада чыккан сандарынын биринде, Москванын Кыргызстанга болгон кызыгуусу кайра жанданганы билдирилип, Президент Владимир Путиндин Кыргызстанга 2 миллиард рубл инвестиция жасоо тууралуу берген убадасынын артында жаткан себептерге сереп салынган. “Россия кыргыз экономикасына 2 миллиард рубл чыгымдап, өзүнүн бул өлкөдөгү аскердик таасирдүүлүгүн күчтөндүргүсү келет” деп бышыкталган макалада Росиянын Кант аба базасындагы аскерлеринин саны улам өсүп бараткандыгына көнүл бурулган. Бул кийинки өнүгүүлөрдү Борбор Азиядагы экономикасы эң чабал жана бул себептүү эпке көнүүсү оңой Кыргызстанга болгон Москванын кызыгуусуна байланыштырган автор, бул өлкө үчүн дөө өлкөлөрдүн таймашы абдан катуу жүрүп жатканын билдирет. Росия жана Кытай өңдүү Кыргызстанда экономикалык таламдары болгон Казакстан бул чакан жумурияттын базарына үстөмдүк кылууга жутунуп жатканын кошумчалайт автор.
Londondo чыгуучу Economist журналынын кийинки санында, Казакстандагы кийинки шайлоолордун натыйжасына сереп салынып, “Нурсултан Назарбаев 18 жылдан кийин өлкөсүндө кайрадан советтик үлгүдөгү бир партиялуу системаны орнотууга үлгүрдү” деп жазылат. Казакстандын ЕККУнун төрагалыгына талапкер экени эске салынып, макалада казак үлгүсүндөгү жаңыча демократияга кошуна жумуруяттар, атүгүл Росия тарабынан да тыкыс байкоо салынары белгиленет да, эмки жылда кызмат мөөнөтү аяктай турган Владимир Путинге “чет элдиктердин эмне айтканына карабай кайрадан президенттике талапкер боло бер. Президент дегениң элинин жана мамлекетинин гана кызыкчылыгын ойлойт,- деп Назарбаевдин берген насааты чынга айланып калуусу ажеп эмес” , деген пикир баяндалат..
Neue Zurcher Zeitung кечөөкү санында жарыяланган бир макаланы Түркиядагы президентти шаилоо жараянына арнаган. “Өлкөнүн жаңы президентин шайлоо маселесинде армиянын эсеби ордунан чыккан жок” деп жазылган макалада башкаруудагы Адилет жана Өнүгүү Партиясынын талапкери, исламчыл маанайдагы ТИМ Абдуллах Гүлдүн президенттик кызматка чыгуусуна эми аскерлер деле бөгөт боло албайт делинет.
International Herald Tribune гезити болсо эли дээрлик бүтүндөй мусулман болгон жана дүйнөдөгү алгачкы секулярдуу өлкө болуп эсептелген Түркия жакын аралыкта, мечитке барып намаз окуган жана аялы диний себептерден жоолук тагынган бир президентке ээ болот деп жазган. Мусулман ааламындагы секуляристтер бул окуяны Түркиядагы лаик системага туудурулган бир коркунуч катары кабыл алары бышыкталган макалада, бул ошол эле кезде, мусулман ааламында секуляризмдин чыныгы маанисинин, демек ал кандайдыр бир динге каршы идеология эмес, дин менен мамлекет иштерин ажыраткан саясии бир система экенинин түшүнүп калууга шарт түзүү дагы ажеп эмес экени кошумчаланат.