Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:43

АФИША: ЖАҢЫРГАН ЖУМАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ


Бүгүн Бишкекте автордук кинолордун “Киностан” эл аралык фестивалы башталат. Франция, Голландия, Швейцария сыяктуу өлкөлөрдөн жана коңшулаш мамлекеттерден киноишмерлердин келишери күтүлүүдө. Фестивалдын алкагында мыкты делген чет элдик тасмалар жана кыргыз режиссерлору Эрнест Абдыжапаровдун “Боз салкын”, Нурлан Абдыкадыровдун “Петрарканы окуганда”, Марат Алыкуловдун “Адеп-ахлак” фильми жана башка ушул сыяктуу жаңы тартылган тасмалар чет элдик конокторго сунушталат.

28-августта Жапон музыкасынын майрамы аттуу концерт өтөт. Жапония менен Кыргызстандын дипломатиялык алакаларынын түзүлгөндүгүнүн он беш жылдыгына карата уюштурулган кечеде жапон өнөрпоздору урма аспапта ойноп, өнөрлөрүн көрсөтүшөт.

28-29-августта Кожомкул атындагы спорт ордосунда “Салам Бишкек” аттуу концерт өтөт. Ага бир катар эстрада чеберлери катышат. Ал эми 31-августта КРнын эмгек сиңирген артисти Юрий Бобков майрамдык кече уюштурат.

Бул концерт менен катар эле 30-31-августта эгемендүүлүк күнүнө карата кыргыз улуттук драма театрында бир катар куудулдардын катышуусунда “Мыскыл жана тамаша” болот. Күлкү кеченин уюштуруучусу Борончу Кудайбергеновдун айтымында катышуучулардын көпчүлүгү куудулдар.

31-августта өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн он алты жылдыгы белгиленет. Ага арналган маданий иш-чаралар өлкөнүн баардык аймактарында өтөт. Ал эми Бишкекте бул салтанат борбордук Алатоо аянтында белгиленет. Салтанаттын алкагында төрт бөлүктөн турган чоң программадагы концерт тартууланат, деп билдирди Бишкек шаардык маданият башкармалыгынын жетекчиси Малдыбай Кайыпов.

Ал эми эски аянтта улуттук оюндар өтүп, эс алуу бактарында оюн-зооктор уюштурулат.

1-сентябрда Бишкекте француз маскарапозу, театр актеру Мишель Руссонун “Баштык менен саякаттоо” аттуу шоу программасы болот.

Гапар Айтиев атындагы улуттук сүрөт музейинде Казак кыргыз сүрөтчүлөрүнүн “Теңири” аттуу сүрөт көргөзмөсү жүрүп жатат. Ошону менен бирге сүрөтчү Орозкан Мамбеталиеванын эмгектери көрүүчүлөрдүн сынына коюлууда.

Айжан Шаботоева,Бишкек
XS
SM
MD
LG