Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:11

ООГАНСТАНДАГЫ ЭКИ ОКУЯ


Ооганстанда кечээ кубанычтуу да,кайгылуу да эки окуя болду. Атап айтканда, Пянж дарыясында Тажикстан менен туташтырган 700 метрлик көпүрө ачылды. Буга катарлаш түштүк Ооганстандан НАТОнун аскери авиациясынын соккусунан отуздан ашуун киши набыт болгону тууралуу маалымат алынды.

Пянждагы көпүрөнүн ачылышын Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон тарыхый окуя деп атады. Бу курулуш эки элдин эски карым-катнашын арбытат жана достугун чыңдайт. Бирок ал мыйзамсыз бардык аракеттердин – карабашыл адам уурдаган, маңзаттарына аткезчилик кылган,курал-жарак ташыгандардын жаңы жолу болуп калбашы керек, деп айтты Рахмон.

Хамид Карзай да жаңы көпүрө эки элдин байланышын бекемдейт,өз ара соода, экономикалык кызматташтыкты,карым-катнашты арттырат деп ишенет. Бул үчүн эки өлкөнүн мыйзамдарына тийиштүү жоболор жана түзөтүүлөр киргизилиши зарыл. Ошондо бу көпүрө регионалдык соода, алыш-бериш мамилелерди күчөтүп,эки элдин гүлдөп өнүгүшүнө кызмат кылат.

Эки тарап көпүрөнүн өйүз-бүйүздө экономикалык эркин соода аймагын түзүүнү пландап жатышат. Көпүрөнүн курулушуна АКШ 37 миллион доллар өлчөмүндө каражат бөлгөн эле. Кечээги салтанатка АКШнын соода министри Карлос Гутерес да катышып, курулушту биргелешкен аракеттин материалдык акыбети катары баалады. Гутерестин айтымында, көпүрө күндүр-түндүр ачык болот,андан күнүнө миңден ашуун автотранспорт өтө алат, эки өйүздөгү чек ара жана бажы кызматтары ушундай режимде иштегенге ылайыкташтырылган.

Пянждагы салтанатка удаалаш түштүк Ооганстандагы кыштактардын бирин НАТОнун авиациясы бомбалап, бейжазык отуздай адам жайран болгону тууралуу маалымат алынды. Окуя талиптер көзөмөлдөп турган Гилменд провинциясындагы Лашкар Гах шаарына чукул жерде ишембиде болгон экен. Ага күбө болгондордун бири абадан эки жерге сокку урулганын, биринчи бомба үйлөнүү тоюу өтүп жаткан үйгө тийип, отуз адам жер жазданып, жыйырмадан ашууну жарадар болгонун,алардын баары ооруканага жеткирилгенин кабарлады. Экинчи бомбадан талиптердин сегиз жоокери мерт болду.

Британ командачылыгы аталган райондо аскери авиациянын эч кандай рейди болбогонун айтышууда. Америкалык аскерилер маалыматтын чын-төгүнүн териштирип жатышат.

XS
SM
MD
LG