-Аксы окуясы боюнча Баш прокуратура беш кишиге айып койгондугу белгилүү. Ал эми сиз баштаган адвокаттар дагы кошумча кишилердин жоопко тартылуусун талап кылып жатышат. Сиздер дагы кимдерди жоопко тартылуусун талап кыласыздар?
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту мурдагы өкүмдөрүн жокко чыгаргандан кийин ошол окуяга катышы бар деген адамдардын баары жоопко тартылыш керек болчу. Азыркы учурда Баш прокуратура беш адамга айып коюп, төртөөнө угузуп, бирөөсүнө угузган жок. Себеби, депутаттар уруксат берген жок. Калган адамдар калып калды. Түздөн-түз ошол ок аткан учурдагы окуянын катышуучулары, же болбосо ошол окуянын аткаруучуларынын үстүнөн иш кыскартылып калды азыркы учурда. Андан сырткары, 18-март күнү дагы ок атуулар болгон. Адамдар өлгөн, жарадар болгон. Ошол 18-март боюнча да жоопкерчиликти эч ким мойнуна ала элек.
- Жоопко кимдер тартылыш керек деп эсептейсиз?
- Азырынча конкреттүү мынбул киши деп айтуудан алысмын.Бирок, ошол убакта 18-март күнү Аксы районунун Кербен айылында атууну уюштурган Садиев ошол учурдагы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары болгон. Ошол киши түздөн-түз жооп бериш керек. Ага катышы бар адамдар да бар. Алар дагы жооп бериш керек.
- Бул суроо менен сиз кимге кайрылмакчысыз?
- Бул боюнча биз Башкы прокурорго кайрылабыз.
- Сиз ийгиликке жетебиз деп ойлойсузбу?
- Жетебиз деп ойлойм. Азыр жетпесек да кийин жетебиз. Жөн эле атып коюп кылмышкердин кутулуп кетишине биз жол бербейбиз. Аксылыктар ушинтип ойлошот.
- Кайсы адамдар боюнча тергөө жүргүзүлүүсүн талап кылып жатасыздар. Сиз аны айта аласызбы?
- Азырынча аны айта албайм.
- Мунун себеби эмнеде?
- Себеби, булардын мындан кийинки кыла турган иш аракеттери мага белгисиз. Эски кылмыш материал менен карай турган болсок, ошол убактагы Аксы районунун ички иштер бөлүмүнун начальниги, Жалалабат облусунун ички башкармалыгынын орун басары, издөө бөлүмүнүн жетекчиси ошонун баары тергөөгө алынышы керек.
- Сизге адвокат катары бийлик тараптан кысым көрсөтүлгөн жокпу? Же бийлик тарабынан кайра колдоо сезип жатасызбы, бул жаатта өзгөрүүлөр барбы?
- Азырынча мага бийлик тараптан эч кандай кысым көрсөтүүлөр жок. Бирок, болушу да мүмкүн эми аны айтуу кыйын.
-Маегиңизге ырахмат.