Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:38

13:20 Ж. Арыкованын денсоолугуна байланыштуу текшерүүнүн жыйынтыгы эртең билинет


Бул тууралуу маалымдаган адвокат Айжан Касмалиева учурда Улуттук коопсуздук кызматынын атайын бейтапканасы менен онкологиялык оорулар борборунун дарыгерлери Арыкованын денсоолугун толук текшерүүдөн өткөрүп жатканын кабарлады. Анын айтымында, догдурлардын текшерүүсүнүн жыйынтыгы эртең толук чыккандан кийин Арыкованын кайсы илдет менен ооруганы аныктылат. “Анын денсоолугуна байланыштуу жумасына үч жолу сырттан тамак-аш киргизип турууга макулдук берүүсүн тергөөчүдөн өтүндүк. Бирок андан тиешелүү жооп ала элекбиз”-дейт адвокат. Буга чейин 19-июндан бери УККнын тергөө абагында отурган Жыпаргүл Арыкованын денсоолугу начарлап, ага медициналык жардам көрсөтүлүүсү керектиги тууралуу Айжан Касмалиева “Азаттыкка” билдирген. (AJ)

XS
SM
MD
LG