Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:33

14:20 "Келечек" жаңы конушунда эки жүздөй бала мектепте окубайт


Балдарды коргоо борборунун билдиришинче аталган борбордун программаларына катышып жүргөн, бирок мектепте окубаган балдар токсонго чамалаш. Жакында эле балдарды коргоо борбору жаңы конушту үймө-үй кыдырып дагы жүзгө жакын бала окубай турганын аныкташкан. Борбордун социалдык кызматкери Таалайбек Жакыповдун “Азаттыкка” билдиришинче азыр алар "Келечек" жаңы конушундагы мектепке балдарды киргизүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат. Бирок ал мектепте окуучулар ансыз деле көп болуп, окуу үч маал болгондуктан баарына орун жетпейт. Ошондуктан дагы башка жолдор да каралып жатат, дейт Таалайбек Жакыпов. "Дордой" базарынын жанындагы "Келечек" жаңы конушундагы тургундардын басымдуу бөлүгү базарда иштеп жан баккан ички мигранттар. (EBM)

XS
SM
MD
LG