Ондогон миллион доллардын тагдыры, Кумтөр кенин мындан ары иштетүүнүн жаңы шарттары талкууланып жаткан сүйлөшүүлөргө чекит коюла элек. Сүйлөшүүлөргө катышып жаткан Кыргызстан тоо кенчилер бирикмесинин башчысы Орозбек Дүйшеевдин билдирүүсүнө караганда, каржы министри Акылбек Жапаров башында турган эксперттик топ сүйлөшүүлөрдү негизинен аяктап, учурда тактоо иштери жүрүп жатат. Сүйлөшүүлөр жыйынтыгы боюнча «Камеко» жана «Центарра голд инк» менен жаңы кошумча келишимдерге кол коюлат. Бул маселе шаршемби күнү өкмөттүн жыйынында карала турган болууда.
Жогорку Кеңештин депутаты Арслан Малиевдин айтымында, «Камеко» менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы пикир келишпестик 80 миллион доллардан ашуун суммага байланыштуу болуп жаткан. Анткени, канадалыктар 300 миллион доллар төлөөгө макул болуп, бирок кыргыз тарап андан көбүрөөк сумманы талап кылууда:
"Болбоду дегенде 388 миллион доллар төлөшүн талап кылганбыз. Ал акция түрүндө болобу, накталай акча болобу, канадалыктар кеминде 388 миллион доллар төлөөгө тийиш".
Арслан Малиевдин айтымында, акция менен эсептегенде «Центерра голд инктеги» биздин үлүш кеминде 56% жакын болуш керек.
«Тийиштүү сумманы канадалыктар 3 жылдын ичинде төлөп берүүгө ниеттенүүдө. Ал каражаттар бюджетке эмес, жакында эле түптөлгөн «Өнүктүрүү фондуна» чегерилип, экономикалык долбоорлорду каржылоого жумшалат»,- деп белгиледи Арслан Малиев.
Айрым маалыматтар боюнча, канадалыктар Кыргызстанга 22% акцияны берүүгө макул болууда. Муну менен Кыргызстандын «Центерра голд инктеги» азыркы кездеги акциясынын көлөмү 37% ашуун болот. Эгерде мурда сатылып кеткен 17% ашуун акцияны кошкондо 55% тегерегинде болмокчу.
Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабековдун маалыматы боюнча, сүйлөшүүлөр төлөмдөр жөнүндө эле эмес, кеңири алкакта жүрүүдө:
"Алар 300 миллион доллар төлөп бергенге макулдук беришти. Биз 400 миллион доллардан ашыргыла деп жатабыз. Мүмкүн биз жактагылар сумманы кичине азайтабы…Андан сырткары экологияга абдан катуу көңүл бөлүнсүн, жол маселеси, ошол жерде иштегендердин айлыгы, социалдык маселелери коюлуп жатат. Ошол жерде дагы кошумча кендер бар. Алар кайда кетип жатат? Булар («Камеко») деген мамлекет ичиндеги мамлекет болуп калган. Жаңы келишимде ал кемчиликтер четтетилиш керек".
Исабековдун айтымында, «Камеко» менен жетишилген келишим парламентте ратификациядан өтөт.
Кумтөр кенини айланасындагы чатакка байланыштуу «Центарра голд инктин» Торонто биржасындагы баасы кескин түшүп кеткен. Депутат Арслан Малиевдин маалыматы боюнча, учурда бир акциянын баасы 4 доллар деп бааланууда.
Сүйлөшүүлөр жыл башында башталганга чейин 16 доллар болуп, сүйлөшүү башталганда жана парламент Кумтөргө байланыштуу мыйзам кабыл алганда 12-13 долларга түшүп кеткен. Андан кийин дагы төмөндөп отуруп, учурда бир акция 4 доллар болуп калды. «Бирок сүйлөшүүлөр аяктагандан кийин акциялардын баасы кайра көтөрүлөт», деп белгиледи Арслан Малиев.