Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:27

ОППОЗИЦИЯНЫ КОЛДОГОНДОР СОТТОЛУУДА


14-апрелде Өкмөт үйүнүн жанындагы борбордук аянтта чыккан мушташка тиешеси бар деп саналган эки жарандын сот жараяны 13-сентябрда башталат. 19-апрелде баш аламандыкка катышты деген кине менен башка эки жаран өткөн жума күнү күчөтүлгөн тартипте жазага тартылышты. Сот жообуна тартылып жаткан карапайым жарандардын тарапкерлери мындай жагдайды элдин жүрөгүнүн үшүн алуу үчүн жасап жаткан бийликтин айла-амалы катары белгилешүүдө.

Соту 13-сентябрга белгиленген Болотбек Сүйөркулов менен Бактыбек Саптаяков 14-апрелде Алатоо аянтында бейбаштык кылган, адамдын ден соолугуна атайылап зыян келтирген деп айыпталууда.

Аларга коюлган Кылмыш Кодексинин 105, 234, 353-беренелеринде жети жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Бирок, айыпталуучулардын адвокаттарынын бири Касымбек Раимкул уулунун айтымында, тергөө бир жактуу болуп, чатакты атайылап чыгарган үч кишиге айып тагылбай, чатак чыгаргандарды басууга аракет кылгандар жоопко тартылганы турушат:

- Мен бул боюнча башкы прокуратурага да арыз жазгам, бир жактуу жүрүп атат тергөө деп. Себеби үчөөнө айып угузуш керек болчу. Алардан жапа чеккен адамдар бар, арыз бар. Ошолорго чара колдонуш керек болчу. Азыр мына үч-төрт ай болуп кетти, алар качкан боюнча таппай койдук деп отурушат. Бийликтин мыйзамды сактабагандыгы болуп атат бул.

Касымбек Райымкул уулу экинчи нааразылык акцияларына чыкпагыдай кылып, элдин үрөйүн учуруу үчүн гана бийлик 14-апрель, 19-апрель окуяларын күчөтүп көрсөтүп жатат дейт:

- Бул элдин үрөйүн учуруп коюш максат деп ойлойм, бийлик тарабынан. Экинчиден, чоң Субаналиев, Абдырахманов сыяктуу саясатчылардын иштерин кармап турбайбы, болбосо ишин сотко өткөрүп, чара көрүш керек эле да.

19-апрелде массалык баш аламандыкты уюштурду деп айып тагылган Феликс Кулов, Өмүрбек Субаналиев, Өмүрбек Абдырахманов жана Адилет Айтикеевдин кылмыш иштери убактылуу токтоп турат.

Ал «Канжар» кыймылынын мүчөсү Адилет Айтикеевдин издөөдө жүргөндүгү менен түшүндүрүлүүдө. Муну жөн эле шылтоо деп эсептеген саясатчы Өмүрбек Абдырахманов кылмыш ишинде келечек жок дейт:

- Бул иштин келечеги жок да. Бир фактысы жок, жөн эле ачып койгон иш да. Ошон үчүн баштары ооруп атса керек да, ишти да жапсак, анан жүзүбүздү да сактап калсак деп.

«Азаттыктын» «Ыңгайсыз суроолоруна» берген жообунда премьер министр Алмаз Атамбаев саясатчылар баары бир жооптон кутулуунун жолун таап кетерин белгилеп, жок дегенде күнөөсү далилденгендерди сабак кылуу үчүн жоопко тартуу керек деп билдирген:

- Документтештирилип, катталган кылмыштары үчүн жооп бериш керек. Албетте, лидерлери кутулуп кетет. Мен ага көзүм жетип турат. Бирок, жок дегенде кийин сабак болсун да. Эй, барганда жөнү жок эле адамды же машинени урса болбойт экен, дүкөндү талкаласа болбойт экен деп, мындай элди көндүрүш керек да.

Ошентип, 19-апрелде баш аламандык болду деп козголгон кылмыш ишинин чегинде, алгачкылардан болуп Эркин Акназаров төрт жарым жылга, Жолдошбек Абдиев төрт жылга күчөтүлгөн тартиптте эркинен ажыратылышты. 14-апрель окуясы боюнча дагы эки жаран сот жообуна тартылганы турушат.

Оппозиция болсо митинг маалындагы эки окуя тең бийлик уюштурган чагым дешүүдө. Укук коргоочулар бул окуяларда массалык баш аламандыкка мүнөздүү көрүнүштөр жок деген көз карашта турушат.

Президенттин карамагындагы укук коргоо комиссиясынын башчысы Турсунбек Акун саясий акцияларга байланышкан бардык иштерди, алардын ичинде Бишкекте, Кеминде баш аламандык болду, Таласта премьер-министрдин автоунаасына таш ыргытты деп козголгон кылмыш иштердин бардыгын кечирүү керек болчу дейт:

- Соттогонду туура көрбөйм. 14-апрель боюнча деле болбогон иш. Анда деле оппозициядан кетип калган жактары бар, ошол самосудга чукул иштерди жасап. Бийлик да ошо күнү ччагым кылды, иттердин баарын аянтта ары-бери бастырып. Мунун баарын кылмыш эмес, административдик иш катары караш керек болчу бери дегенде. Болбосо кечирим берип куткарыш керек болчу. Баары эле акыры стабилдүүлүккө алып келбедиби. Ноябрь окуясы, апрель окуясы бизге керек болчу да.

Турсунбек Акундун көз карашында, күч менен басыш керек деген диктатуралык көз караштагы мамлекеттик кызматкерлердин каалоосунан көп нерсе көз каранды болууда.

Бурулкан Сарыгулова, Бишкек

XS
SM
MD
LG