Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:39

СУУСАМЫР ЖАЙЛООCУНДА КЫМЫЗ МЭЭНЕТТИ АКТАБАЙ КАЛДЫ


Жумушсуздук менен жан багуунун айынан Суусамыр өрөөнүн жайлап, кымыз жана башка азык-түлүк саткан Чүй, Талас, Жалалабат облустарынын миңдеген тургундарынын мээнети акталбай калууда. Ош-Бишкек жолунун жанына боз үй тигип жашаган жылкычылар менен малчылар сырт дүйнөдөн бөлүнүп калган. Бул жерде электр жарыгы жок, буудай же арпа бышпайт, азык-түлүк тартыш, кымбатчылыктын айынан ишкерлер да азык-түлүк ташып келип сатпай калган.

Суусамыр өрөөнүндөгү Корумду суусунун боюна боз үйлөрүн тиккен Жайыл районунун тургундары электр жарыгы менен камсыз болгон эмес. Алар Суусамыр айыл өкмөтүндөгү калктын көпчүлүгү жумушсуз жана жакыр. Айыл өкмөттө жети ай кыш болот.Техника менен үрөндүн жана күйүүчү майлардын тартыштыгынан үлүш аянттары иштетилбей калууда. Жада калса арпа буудай бышпай,мал чөбү башка жактан сатылып алынууда. Жан багуунун айынан айылдагы мал-мүлктүү адамдар Таластык жана Жалалабаттык тургундар сыяктуу Суусамыр өрөөнүнө жайлап чыгышат. Жолдошбек Жаманкуловдун айтымында, салыкчылар гана жайыт салыгын өндүргөнү келбесе, суусамырдагылардан кабар алган жетекчилер байкалбайт.

-Жер үлүштөрү алынган. Бирок, көбү пайдаланбай жатат. Анткени, күйүүчү май кымбат, 1 литри 25-27 сом. Жер өзүнүн нугунда жатат. Көбүнчө чөп айдайбыз. Жарык жок, себеби жайлоо деп электр зымдары тартылган эмес. Борбордо бар. Үрөн жетпейт. Техникалар эски. Алы жеткен сүйлөшкөндү билген адамдар гана өзүнө пайдаланат,- дейт Жолдошбек Жаманкулов.

Суусамыр өрөөнүндөгүлөр сырткы дүйнөдөн бөлүнүп калган. Бирин-экин үй-бүлө кечкисин генераторун иштетет. Жарыктын жоктугунан өрөөндө сыналгы көрсөтпөйт, үналгы чектелүү убакытта тартат. Айыл өкмөт менен өрөөнгө каттаган унаа каражаттары токтоп калган. Суусамыр жайлоосунун канча аянты кимге бөлүнгөнү белгисиз. Суусамырлык Сакин Тезекбаев элдин электр жарыгы үрөн менен камсыз болбогонуна нааразы.

- Мурункудай жумуш болуп калса жакшы болот эле. Жетишпестик бар. Салкын көз менен да карап жатышат. Болбосо ушул жакка келип деле үрөнүн, техникасын берели убактылуу пайдаланып кайра бергиле десе абдан жакшы болмок. Элдин да көңүлү көтөрүлмөк. Суусамырга мурда маршрутка каттачу. Эртең менен келип кечинде кайра кетип калчу. Эми мунун баары өкмөт аркылуу болуп жатабы билбейм,- деди Сакин Тезекбаев.

Өрөөндөгүлөр азык-түлүктү Карабалтадан келген ишкерлерден сатып алышчу. Ун азыктары кымбаттагандыктан жатакчыларда каражаттын аздыгын сезген ишкерлер азык-түлүктөрүн ташыбай калышты. Жолдошбек Жаманкулов нандын жоктугунан суусамырдагы айрым үй-бүлө балдарын печенье менен сооротконун көргөн.

- Азыр унду да кымбаттатып салышты. Бир мүшөгү 800-900 сомго жетти. Бир үй бүлөдө 5-6 бала бар. Ал мүшөк ун бир айга жетеби? Бир үйгө бардык нан келбей калды, наныбыз жок деп дасторконго печенье койду. Нан ташып келген бала нан 8-9 сомго чыкса, эл албайт деп ал да келбей калыптыр,- деп кошумчалады Жолдошбек Жаманкулов.

Өрөөндө жылкы мал багып, кымыз, айран, курут сатып, жан баккандардын көпчүлүгү жаштар. Кымыздын баасы арзан болгондуктан алар балдары үчүн мектепке кийим-кечек сатып алыша элек. Сатылбай калган кымызын кышка камдап жаткан Гүлмира аттуу келиндин оюнда өкмөт Суусамырдагылардын нактай кымызын сатып алып, чоң шаарларга сатса, кымыз өндүрүүчүлөргө да жана мамлекетке да пайда болмок.

- Наныбызга, ичкен чайыбызга кетет тапканыбыз. Кээ бирөөлөр мисалы, балдарын багыш үчүн чыгышат. Балдарына кийим-кече алып бериш үчүн. Салык төлөмдөргө тапкан акчасы да кетип калат. Кымызды жол жээгинен 40 сомдон сатабыз. Мамлекет бизден сатып алып, чет мамлекеттерге экспорт кылса болот эле. Кымыздын дарылык касиетин билишет эле. Жетекчилер келип бир кабар алышпайт. Салык жыйнаганга күч чыгарышкан,- дейт Гүлмира.

Суусамыр айыл өкмөтү менен айтылуу жайлоонун баш тарабы Чүй облусуна карайт. Бирок, Жалалабат облбийлигинин өнөр жай бөлүмүнүн башчысы Талант Мамасадыковдун жообу боюнча ыраак жактарга жарык жеткирүүгө каражат тартыш. Суусамыр өрөөнүнө жарык тартуу маселесин Жогорку Кеңеш аркылуу чечүү зарыл.

- Жылдан жылга көтөрүлүп жатат бирок, көзөмөлдө бар. Бул каражаттын жетишсиздигине байланыштуу болуп жатат. Бул республикалык деңгээлдеги маселе,- дейт Талант Мамасадыков.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG