Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:15

САЯСАТ ДА КҮЗДӨ БЫШАБЫ?




Кыргызстандын саясат таануучулары келаткан күз кайрадан саясаттын кызыл кырманына айланарын, андыктан бийлик оппозиция менен ымалага келип, тил табышусу керектигин кабарлады. Саясатчылардын айтуусунда кокус парламент өзүн-өзү таратууга бара турган болсо, анда Жогорку Кеңештин кийинки келүүчү катмарынын 80 пайызы жалаң оппозициялык көз караштагы депутаттардан түзүлүшү мүмкүн. Күз саясатын күчөтө турган окуялардын дагы бири катары Бириккен оппозициялык күчтөр бул ирет эски болуп өткөндөрдү кайрадан козутуп, Курманбек Бакиевге каршы анын жакындары менен бир туугандарынын айланасындагы окуяларды, менчикти кайра бөлүштүрүү менен Жерүй чатагын алып чыгышы ыктымал. Бирок мындан бөлөк дагы сценарий бар. Эгер жаңы Башмыйзам кабыл алынып калса, ага ылайык өкмөт отсавкага кетиши керек болот, мына ошондо келерки жазда парламентке мөөнөтүнөн мурда шайлоого, аны менен бирге эле президенттик шайлоого ат чабыш башталат. Мындай жол Бакиев үчүн пайдага караганда зыянды көбүрөөк апкелиши мүмкүн. Саясат таануучулар мамлекет башчысына кеңеш айтууну да унутушпайт, маселен Башмыйзам кабыл алынары менен президент ар бир бийлик бутагынын аткара турган иштерин так аныктап, коалициялык өкмөт түзүп, айланасына абийрин жебеген, калыс, ар намыстуу адамдарды топтогону оң. Ошондо гана өлкөдөгү саясый-социалдык абал турукташат эле дейт гезит.

«Комсомольская правда в Кыргызстане»

Кыргызстандын билим жана илим министрлиги жаңы окуу жылынан баштап республиканын ичиндеги тажик жана өзбек мектептеринде кыргыз тилин окутуунун саатын көбөйткөнүн кабарлайт, ошону менен бирге эле окурмандарынын көңүлүн медалдын экинчи бир тарабына буруп, Ош облусунун айрым мугалимдер тобу менен өзбек маданий борбору министрликтин бул чечимине нааразы болуп, аны өзгөртүүнү талап кылып кайрылышканын, эгер чечим ошол бойдон кала берсе мугалимдер 1-сентябрь күнү иш таштоого чыгабыз деп жатканын жазып… Кыргызстанда жашап тургандан кийин анын ар бир жараны мамлекеттик тилди билүүгө тийиш экендигин, бирок тилди окутуу маселеси экинчи бир тараптын тилинин эсебиненчечүүгө болбостугун, кыргыз тилин окутууну админстративдик чен-өлчөм менен бычуу жакшылыкка алып барбастыгын айткан.

Ушул эле гезит Бишкек шаардык автоунаа департаментинин баш деректиринин орунбасары Адыл Акматовдун айтуусуна таянуу менен күз кирери менен шаар көчөлөрүндөгү 3 сомдук жолкире-5 сомго, 5 сомдук жолкире-7 сомго кымбаттай тургандыгын маалымдады.

«Кыргыз туусу»

Кымбаттоо маселесине бул гезит да кайрылып, мурда 2-сорттогу ундун бир кабы-350-380 сом болсо, азыр 750-800 сомго, 1-сорт ун-520-550дөн-980-1000 сомго, жогорку сорттогу ун мурдагы 630-650дөн- 1150-1200 сомго кымбаттады, үч жарым сомдук нан азыр 5 сом, беш сомдук нан 8 сом 50 тыйын, жети сомдук нан-9 сом 50 тыйын болду, нанга кошулуп мурдагы 5 сомдук туз эми 8 сомго чыкты деп жазды. Гезит андан ары бул боюнча Бишкек шаар тургуну Сарбагышевдин катын жарыялайт. Окурман жазган катында мамлекеттик резервден берилген унду көрүнгөнгө жем кылбай муниципалдык дүкөндөрдү ачып, бул багытта мамлекеттик нан чыгаруучу ишканаларды куруп, аларды «Народный» деп аталган дүкөндөр аркылуу сааттырса баа турукташмагын, болбосо базарды башаламан кылып, бааны кымбаттатып жаткандар жалаң ортомчулар менен алдым-жуттум кызыл-кулактар болууда, мына ушулардын жолу бууш керек деген оюн өкмөткө кулак кагыш кылган.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG