- Бизге белгилүү болгондой мамлекеттик резервден 15 миң тонна бөлүнүп берилгенине карабай нандын баасы кымбат бойдон калууда. Бир бөлкө нандын баасы 9 сомго жетти, ал эми тандыр нандын наркы 7 сом болду. Сиз муну эмне менен түшүндүрөсүз?
- Ачыгын айтканда бизден башка дагы Чүй-Токмок, Карабалта эки ун комбинаты иштеп жатат. Кампаларда ундун запасы жетиштүү санда бар. Бирок, негизги нан чыгаргандар моюн толгоп, моюндары жар бербей жатышат. Алардын көбү эртеңки күндөн коркуп жатышат деп ойлойм. Анткени, эгер бүгүн канча нан чыгарышат, убактылары канча, канча нан сатышат ошонун баары билинип калса, салыкчылардын алдында жооп берип калабыз деп коркуп жатат болуш керек. Экинчиси, анча-мынча ар кандай сөз тараткандар бар, конкуренция бар.
Анын үстүнө мамлекеттин буудайынын ишинин сапатына, ундун сапатына анча ишене албагандар бар. Ошон үчүн кээде биз муну демонстрация кылып, бизден чыккан ундардын сапаты мамлекеттик стандартка туура келээрин көргөзүп жатабыз. Ошондуктан болуш керек, акыркы күндөрү мамлекеттик резервдин унун алып нан чыгаргандардын саны кичинеден көбөйө баштады. Мына бүгүн Алмаз Атамбаевдин буйругу менен Бишкектин тегерегинде жайгашкан айылдарга, жаңы конуштарга ундун бир мүшөгүн 460 сомдон сатууга буйрук берилди. Биз дагы Алмазбек Атамбаевдин буйругу боюнча нан чыгарып, арзан ундарды жаңы конуштарга таратып, сатуу иштерин уюштуруп жатабыз.
- Кечиресиз, сөзүңүзгө аралжы. Жалаң эле мамлекеттик резервден бөлүнүп берилген буудай республикага жетпейт да. Күрдөөлдүү күз келди. Алдыда кыш турат, жаз келет дегендей. Нандын баасы мындан ары кымбатташы мүмкүнбү?
Мындай процессти кантип токтотсо болот?
- Сиз туура айтасыз. Жалаң эле 15 миң тонна буудайдан чыккан ун Кыргызстанды камсыз кылууга алы жетпейт. Бүгүнкү күндө өтө арзан мамлекеттик резервдик ун жөнүндө аракет кылдым. Болбосо Бишкектин өзүндө эле “Яшар”, “Элнур”,
“Актык”, “Экдан” деген сыяктуу ондогон тегирмендер бар. Бишкектин сыртында болсо жүздөгөн тегирмендер иштеп жатат. Биздин маалыматыбыз боюнча бир гана нерсе - алардын уну кымбат. Жергиликтүү буудайдын баасы 10 сомго чейин жетип калды. Албетте, конкуренция күчтүү болгон учурда алар ундарын 11-13 сомдон жогору сата алмак эмес. Тилекке каршы бүгүнкү күндө Казакстандан келген ундун саны, буудайдын саны өтө кыскарып кеткен үчүн бул ишканалар өзүнүн баасын 17-18 сомго чейин көтөрүп сатып жатышат. Бул деген рынок. Ар кимдин өз иши. Анткени Кыргызстанда ун боюнча кандайдыр бир монополия жок.
Экинчи жагы өтө кооптоно турган негиз жок деп эсептейм. 5-сентябрдан тартып түндүк Казакстандын буудайын оруп-жыйуу иштери башталат. Мен Казакстан менен 120 миң тонна буудайга келишим түзгөм. Менимче башка ун чыгарган комбинаттар да, айрым буудай саткан комбинаттар, фирмалар дагы келишимдерин түзүп койсо керек. Эң негизгиси, бул көрүнүш жеке эле Кыргызстанда эмес, Турцияда да болуп жатат. Казакстандын өзүндө эле акыркы эки айдын ичинде 20 пайызга кымбаттаган. Аларда февраль айында эле ундун баасы 2 сомго кымбат болчу. Нандын баасы бир канча сомго кымбат болчу. Бизде болсо бул ажиотаж кеч башталды салыштырмалуу.
Эми жаңы түшүм менен стабилдүүлүк келет деген үмүтүм бар. Казакстандын тегирмендеринин баары иштей баштайт. Ал жакта тегирмендер көп. Казактын дыйкандарынын буудайлары чоң өлчөмдө сатыла баштайт. Чектөө токтотулат деп ойлойм. Сентябрдын экинчи жарымы өзгөчө октябрь айында бир стабилдүүлүк келет.
- Маегиңизге ырахмат.