Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:47

12:05 Айыптоочулардын келбегендигинен Капар Мукеевдин соту эртеңкиге жылдырылды


“Жаза өтөө мекемелер башкармалыгы коррупцияга баткан. Мен башкармалыкка жетекчи болгонго чейинки мурдагы жетекчилер тарабынан жок кылынган каражаттарды менин мойнума жүктөөгө аракет жасалууда”,- деп билдирди Мукеев “Азаттыктын” кабарчысына. Анын айтымында, 2005-жылы октябрда Жаза өтөө жайларында баш аламандык башталарда, ал уюштуруучулук жөндөмүнүн аркасында баш аламандыкты болтурбай бөгөт койгон. Бийлик анын кызматын пайдалангандан кийин, кайра ага карата кылмыш ишин козготкону калыстык эмес, дейт Мукеев. Башкы прокуратура болсо Жаза өтөө мекемелер башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Капар Мукеев баш болгон беш кишиге шалаакылык кылып, мамлекетке 2 млн. сом чыгым келтирди деген айып менен өткөн жылы кылмыш ишин козгогон. (AJ)

XS
SM
MD
LG