Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:45

12:25 “Эне тил” гезити жабылып калуу коркунучунда


Өлкөдөгү улуттук тил боюнча баалуу материалдарды чагылдырып турган бирден бир жалгыз гезит 1991-жылы кыргыз тили коомунун алдында түзүлүп, жумасына 5 миң нуска менен чыгып турган. Мурдагы бийликтин кыргыз тилине карата болгон кош көңүл мамилесинен каржы жетишпей 1999-жылы гезит убактылуу ишин токтоткон. Өкмөт алдындагы кыргыз тил коомунун президенти Нурлан Кыдыршаевдин беш жылдан бери “Эне тил” гезитинин жоголгон күбөлүгүн калыбына келтирип гезитти кайра чыгарууга кылган аракетинен майнап чыкпай келет, деп билдирди аталган гезиттин башкы редактору Эсенбай Калдаров “Азаттыкка”. Анын айтымында, гезиттин алгачкы басылмасын чыгарууга Чүй университетинин президенти Султан Мамбеткалиев демөөрчүлүк кылып каражат камдап койгон. (AJ)

XS
SM
MD
LG