23-августта кечки саат тогуздар чамасында Каракечеден көмүр жүктөгөнү Баш куугандылык Сапарбек Бактыбеков “КАМАЗ” менен барган. Тосмодон анын автоунаасын парламент депутаты Камчыбек Жолдошбаев баш болгон фирманын кароолчулары курал менен аткылаганы тууралуу Бактыбеков ички иштер бөлүмүнө кайрылгандыгы тууралуу Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт кызматынан билдиришти. Милиция кызматкерлери Чаекте бул окуяга байланыштуу митинг өтүп жатат деген маалыматты четке кагышты. Бул боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев менен байланышууга эч бир мүмкүнчүлүк болгон жок. Анын парламенттеги катчысы депутат Бишкектен сырткары жүргөндүгүн маалымдады. (AJ)