Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:19

ИМПОРТТОЛГОН ИНФЛЯЦИЯ


Августтун аягында Кыргызстанда инфляция деңгээли 6% ашты. Өкмөт менен Улуттук банк быйыл инфляция ашып барса 5 менен 6% ортосунда болорун өткөн жылдын декабрында эле болжол курушкан. Эми болсо Улуттук банк жыл аягына чейин кайсы бир күтүлбөгөн кырдаал, шарт ортодон чыга калбаса инфляция 9% чейин жетишин болжолдоодо. Жыл башында Өзбекстандан келчү газдын баасы 50% көтөрүлүп, артынан кыйла кымбатчылыкты ала келди эле, бул ирет нан кымбаты көпчүлүктүн үшүн алууда.

Адистердин айтуусунда, нандын кымбатташы жылдын кургакчыл болушуна байланыштуу келип чыккан проблема. Ал эми Кыргызстанда буудай баасынын арзан болушу көп дыйкандардын колун суутуп, өткөн жылга салыштырмалуу 46 миң гектир жерге эгин аз айдалганын Айыл, суу чарба, кайра иштетүү министринин орунбасары Амаджан Махамадов айтып олтурат.

- Ар жылы 250 000 – 300 00 тонна буудайды Казакстандан алчубуз. Ошондуктан кургакчылык болуп мына Араб өлкөлөрүндө, Орусия, Украинада буудайдын түшүмү аз болору күтүлүп жатат. Муну көрүп казак туугандар быйыл буудайды сатып алуунун мамлекеттик баасын 170 доллардан койду.

Ошентип буудай баасынын көтөрүлүшү артынан биртоп азык-түлүктүн кымбатташына алып келди. Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасы Марат Алапаев жыл жыйынтыгы чыга электе нан баасынын көтөрүлүп кетиши инфляциянын жогорулашына алып келгенин, Европа базарында дандын баасы 70%, жыл башынан бери орточо 25% жогорулап жатканын маалымдады. Өкмөт асмандаган бааны ооздуктоо үчүн азырынча мамлекеттик резервде сакталып турган 15 миң тонна буудайды наабайчыларга берүү аркылуу чечүүнү көздөөдө. Бул аракет баары бир жагдайды оңдоп жибере албасын эсепке алып, биртоп кошумча иш чараларды белгилөөдө, деп билдирди Улуттук банк төрагасы.

- Казакстан менен Орусияда дандын баасынын көтөрүлүшү биздеги нан, дан азыктарынын кымбатташына таасирин тийгизди. Бул товар керектүү азык-түлүктөрдүн катарында кыйла эле чоң орунду, 16,1% ээлейт. Улуттук статистика комитетинин 22-августка карата берген маалыматы боюнча инфляция көрсөткүчү 6,4% жетти.

Жыл башында газ, күзгө тарта нандын кымбатташын Улуттук банктын төрагасы импорттолгон инфляция катары мүнөздөдү.

- Биздин болжолубуз боюнча эгер кошумча кайсы бир баа көтөрүлмөй же башка жагдайлар чыкпаса инфляция деңгээли жыл аягына чейин 9% деңгээлинде сакталышы ыктымал.

Нан баасынын бышыкчылык маалында көтөрүлүп кетиши кыргызстандыктарды кыйла чочулатып койду. Эмнеликтен дыйкандардын көбү буудай айдоого кызыкпай калышынын жөн-жайын бишкектик Илгиз мындайча түшүндүрөт.

- Нан менен ундун кымбат болушу. Бир-эки жыл мурун картошка кымбат болуп элдин баары картошкага өтүп кеткен. Анан эми жерге дары себилбей, буудай себүү кирешелүү болбой калган. Пайда көрбөгөндөн кийин аз айдалып калды. Мурда Казакстандан келчү. Ал жакта да дан аз болуп, ошонун айынан баа кымбаттап жатат.

Баа кымбатташынан жүрөкзада болгон Бактыгүл өкмөт четтен буудайды арбын сатып алып, ушу тапта аз-аздан курчуп бараткан проблеманы чечүүнүн жолун кечиктирбей издеши керек, деген пикирде.

- Бизде дан жакшы болбой калганда ал жактан сатып алып турчубуз. Эми азыр кандай болот, билбейм. Быйыл күн ысык болуп, эгин күйүп кетти деп жатышат. Кымбат болсо кантип жашайбыз, билбейм. Мен ойлойм, өкмөт башка жактарга да барып, буудай алып келсе деп. Биздин ишенгенибиз көп болсо Сары Өзөн Чүй. Анын кызылы чабылат. Бирок ал Кыргызстанга жетпейт да.

Көбүнесе карандай чай, нанга күчүн чыгарган карапайым калкты ун баасынын кескин көтөрүлүп кетиши кыйла сестентип, дыйкандарды болсо ойлонтуп отурган чагы. Жыл сайын буудай аянттары азайып, ортодо жетишпеген 300 миң тонна кызыл данды өкмөт коңшулаш Казакстандан сатып алып, баа туруктуу сакталып келаткан. Эми ал кезектеги инфляцияны 9% жеткиреби же андан ашырып иеби – бул да азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG