Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:57

АННА ПОЛИТКОВСКАЯНЫН КАЛЕМДЕШТЕРИ БАШ ПРОКУРОРДУН БҮТҮМҮНӨ МАКУЛ ЭМЕС


Россиянын баш прокурору Юрий Чайканын ырасташынча, 2006- жылы 7- октябрда “Новая газетанын” кабарчысы Анна Политковскаяны өлтүрүүнү Кремлдин тыш өлкөлөрдөгү душмандары буйруп, келишимге адам өлтүргөн кылмыш тобу ишке ашырган. Бирок, Политковскаянын өлүмүн өз алдынча иликтеген “Новая газетанын” журналисттери Чайканы кылмыштын бетин ачуунун ордуна тергөөнү “саясый оюнга айландырууда” деп күнөөлөштү.

Анна Политковская Чеченстандагы адам уурдоолор, күч органдарынын адамдарга көрсөткөн кордугу, бийликтердин кайдыгерлигин ашкерлеген көптөгөн макалаларды жазган.

Дүйшөмбү күнү Россиянын баш прокурору Чайка “Новая газетанын” кабарчынын өлүмүнө байланыштуу 10 адам, анын ичинде Федералдык коопсуздук кызматынын офицери, милициянын майору, милициянын мурдакы үч кызматкери жана чечен кылмыш тобунун ана башы камалганын билдирген.

Чайканын билдирүүсүн “Новая газетанын” башкы редакторунун орун басары Сергей Соколов “саясый оюн” деп сындады:

-Мырза Чайка сунуш кылган версиянын эч кандай далили жок. Биздин өз версиябыз бар. Аны кылдат иликтеп чыгуу зарыл. Аны саясый оюнга айлантуунун зарылдыгы жок.

Соколовдун баамдашынча, Чайка "кылмышкерлердин артында өлкөнүн чет элдик душмандары турган” деп, кабарчы өлтүрүлгөндөн көп өтпөй президент Путин айткан сөздү кайталады. “Россиянын күч органдарынан жашынып жүргөн адамдар дүйнөдө антироссиялык толкунду жаратуу үчүн кимдир бирөөнү курмандыкка тартууну мерсемдешкен” деген эле Путин.

Баш прокурор чет жерлик кутумчунун ысмын атабады. Бирок, серепчилер ишаара Лондондо жашаган Борис Березовский жакка жасалганына көңүл бурушту. Экс-олигарх Березовский анын ысмын Политковскаянын өлүмүнө байланыштырууну “келбек кеп” деп атады.

Чайка билдирүүнү Политковскаянын туулган күнүнө үч күн калганда жана өлтүрүлгөнүнө 1 жыл толор алдында жасап, тергөө натыйжасыз жүрүп жатат деген сындын алдын алууну көздөгөн кейиптенет. Өзгөчө шарттагы журнализм борборунун башчысы Олег Панфиловдун пикиринче:

- Путиндин администрациясы жана башка ырасмий адамдар 7- октябрда көпчүлүк өлкөлөрдө, өзгөчө Батышта, Политковскаяны колдогон жана тергөөнүн майнапсыз жүрүп жатканын сындаган иш чаралар өткөрүлөөрүн билишет. Менимче, Чайка азыр Путиндин аброюн сактоонун аракетин жасоодо.

Чайканын кабарчы келишим менен киши өлтүрүүгө адистешкен уюшкан кылмыш тобунун колунан өлгөн деген сөзүнө “Новая газетанын” баш редактору Дмитрий Муратов ишенбейт. Муратовдун сөзүнчө, Политковскаяны Россиянын коопсуздук кызматы жок кылган:

- Бул ишке коопсуздук кызматындагы жигиттер кадыресе жумуш катары карашат. Алар 7- октябрда эле сулуу аялды акчага биринчи жолу өлтүрүшкөн эмес. Алар эполеттүү адамдарга узактан бери кызмат кылып жүрүшөт.

Башпрокурордун сөзүнчө, эки топ узак мөөнөт Политковскаянын сыртынан байкоо салып жүргөн. Ал дүрдүйнө дүкөнүндө барганда, артынан куралчан эркек жана аял аңдып жүргөнүн байкоочу камера тартып алган. Бирок, камалган 10 адамдын ичинде бир да аял жок.

XS
SM
MD
LG