Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:02

ОРОЗО 12-СЕНТЯБРДА БАШТАЛАТ


28-август күнү Кыргызстан мусулмандарынын уламалар кеңеши кезектеги жыйынын өткөрдү. Анда Кыргызстанда орозо кайсы күнү башталып, кайсы күнү аякташ керектиги, ажылыкты уюштуруунун иш-чаралары, даават, садака битирди аныктоо маселелери талкууланып, атайын фатва (чечим) чыгарылды.

Кыргызстан мусулмандарынын уламалар кеңешинин жыйыны 2006- жылдын 28-февралынан бери өтө элек экен. Бул жыйын жабык эшик артында өткөндүктөн биз маалыматтарды жана маектерди жыйын аяктагандан кийин – кечке маал гана алдык. Уламалар кеңешинин мүчөлөрүнөн жарым саат эрте чыккан жыйындын чакырылуучусу – Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин деректири, ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штабдын башчысы Тойгонбек Калматов уламалар кеңешинин мучөлөрү быйылкы ажылыкта Мекеде да, Мединада да, Жиддада да өз-өзүнчө штаб түзүлөрүнө канагаттангандыгын белгиледи.

Ал эми 2008-жылы Саударабстандагы штабдар кампаниялык түрдө эмес, жыл бою ырааттуу түрдө иштейт экен. Андыктан уламалар кенешинин жыйынында ажыга жөнөп жаткандардын ар биринин эсебинен муфтиятка 20 доллар, Саударабстандагы туруктуу штабды иштетүү үчүн 10 доллардан жардам алуу маселеси чечилген.

Мурда ажыга баруучулардын атынан муфтияттын коруна гана 20 доллар алынчу. Уламалар кеңешинин жыйыны Кыргызстан боюнча орозо 12-сентябрда кармала баштайт жана 12-октябрда орозо айт болот деген бүтүмгө келген. Өзбекстан, Тажикстандыкы бул күнгө туура келбейт. Уламалар кеңешинин мүчөсү Саипжан-ажы Абдувахидов орозону Саударабстан менен катар кармоого ык коюшкандыгын жашырганы жок.

Уламалар кеңешинин мүчөсү Нематулла-ажы Жээнбеков дааватчылар жаатында талкуу жүрүп, алардын кийген кийим-пормолору кыргызстандыктардын кыжырын келтирбегендей, таза болушун, алардын арасына илимдүү адамдардан кошулушун муфтият көзөмөлгө ала тургандыгына канааттаныптыр.

28-августта өткөн уламалар кеңешинин жыйын жыйынтыгына байланыштуу ошол уламалар кеңешинин төрагасы, муфтий Мураталы-ажы Жуманов мындай толуктоолорду айтты:

- Садака-питир маселесин чечтик. Быйыл буудайдын баасы жылдагыдан кыйла кымбат.1,6 кило буудайдын баасы болуш керек. Чоң үй-бүлөлөргө оордук келиши да мүмкүн. Ош, Жалалабат, Баткен облустарынын тургундары ар бир жанга 15 сомдон, калгандары 14 сомдон төлөй турган болушту.

Ал эми мурунку берүүбүздө:

-28-август күнү уламалар кеңеши болот. Алардын уставы боюнча уламалар кеңеши өздөрүнүн курамын өзгөртө алат. Муфтиятты калыптандырыш, түзүш, дайындаш да - алардын укугу. Ошондуктан бир пикирге келдик: уламалар кеңешин өзүнчө кылып, муфтиятты өзүнчө кылып түзөбүз ошо жыйында, - деп айткан дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин деректири Тойгонбек Калматов бул маселе эмне үчүн чечилген жок деген сурообузга минтип жооп бербеспи:

-Бул маселе уламалар кенешинин укугуна кирбейт. Бул –
Кыргызстан мусулмандарынын курултайында каралчу маселе. Уламалар кеңеши да ушундай фатва берди.


Уламалар кеңешинин жыйыны өтүп жаткан учурда мурдагыдай муфтияттын алдына нааразылык билдиргендер чогулганы жок.
XS
SM
MD
LG