Ирандын расмий маалымат агенттигинин кабарына караганда, өлкөнүн энергетика министрлигинин өкүлдөрү кечээ кечинде өздөрү жайгашкан мейманканадан кармалып, белгисиз тарапка алынып кеткен. Агенттик кармалгандардын саны канча экенин маалымдаган эмес. Ошол эле учурда АКШ тарап жана башка булактар бул боюнча эч кандай маалымат тарата элек.