Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:02

9:35 Экс-президент Аскар Акаев эгемендүүлүк күнүнө карата куттуктоо жолдоду


Өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 16 жылдыгына карата Москва калаасынан жолдогон куттуктоосунда Акаев аз убакыттын аралыгында көп улуттуу Кыргызстан кылымдардан бери атабабалар эңсеп келген көз карандысыздыкка жетишкенин, өзүнчө улуттук мамлекет болуп, демократиялык саясий система курулгандыгын белгилеген. Ал ошондой эле мамлекеттүүлүктү сактоо, натыйжалуу өнүгүү жана эл аралык аброй күтүү 2008-жылы даңазалуу бабабыз Мухаммед-кыргыздын кыргыз мамлекетин түзгөндүгүнүн 500 жылдыгын татыктуу тосууга мүмкүндүк берерин кошумчалаган. Акаев жаңы улуттук мамлекеттүүлүктү орнотуу мезгилинде эл журт менен бирге болгон биринчи президент катары өлкө элине бардык жакшылыктарды каалап, Теңирден тилерин билдирген. Ал эми "Асаба" партиясынын ордо кеңешинин катчысы Дөөлөт Нусупов экс-президент өлкөнү учурунда социалдык-экономикалык жана руханий жактан оор абалга туш келтирбегенде, Москвадан өз элине майрамдык куттуктоо жибербейт эле деген көз карашын "Азаттыкка" билдирди. (AJ)

XS
SM
MD
LG