Премьер-министр Алмазбек Атамбаевдин жыйындагы сөзүнө караганда, нандын баасы андан ары көтөрүлбөш үчүн эки чечим кабыл алынды. Ал чаралар жергиликтүү дыйкандар үчүн жагымсыздыр, бирок жалпы эл үчүн керек деп белгиледи өкмөт башчы:
-Бизде парадокс болду. Нан бышыруучулар арзан ун алуудан коркуп жатышат. Анткени, алардын көпчүлүгү көмүскөдө иштешет. Аларды ачыкка чыгаруу үчүн патент системасын киргизебиз. Андан сырткары бир адамга 20 тонна буудай, унду жеңилдетилген түрдө чек арадан алып кирүүгө жол ачабыз. Бул жергиликтүү дыйкандар үчүн жагымсыздыр. Бирок биз үчүн элдин нан менен камсыз болушу маанилүү.
Өкмөт башчынын жыйындагы дагы бир маалыматына караганда, Кумтөр боюнча канадалыктар менен сүйлөшүүлөр соңуна чыкты. Бейшемби күнү бул маселе өкмөттө каралат. Кыргызстан тоо кенчилер бирикмесинин башчысы Орозбек Дүйшевдин «Азаттыкка» билдирүүсүнө караганда, сүйлөшүү Кыргызстан үчүн пайдалуу жыйынтыкталууда.
Мына ушул Кумтөр, нан маселелери өкмөт жыйынында кошумча маселе катары коюлуп, ал эми негизги маселе келерки жылдын жана өлкөнүн өнүгүү стартегиясына ылайык түзүлгөн жакынкы үч жылдын бюджет долбоорун талкуу болду. Талкуунун жүрүшүндө долбоорлор жактырылып, ал эми келерки жылдын бюджет долбоорун парламентке жиберүү чечими кабыл алынды.
Келерки жылдын бюджет долбоорунун негизги параметрлери тууралуу Акылбек Жапаров бул сандарды атады:
-Келерки жылы ички дүң продукту реалдуу түрдө 7% өсөт. Сан менен алганда анын көлөмү 142 миллиард 300 миллион сом болот. Инфляция эң оор маселелерден болуп турат. Аны 8-9% тегерегинде кармайбыз деп турабыз. Мамлекеттик бюджеттин кирешеси 36 миллиард 973 миллион сом, же быйылкы жылга караганда 24.4% көп болот.
Айлык акы саясатында өкмөт мындан ары бюджеттен айлык алуучулардын маянасын теңдөөгө аракеттенет. Буга байланыштуу жакынкы убактарда күч миинстрликтеринин кызматкерлеринин маянасы көбөйтүлбөйт. Ал эми социалдык тармактагылардын айлыгы көтөрүлөт. Күч структураларынын кызматкерлеринин айлыгы 6-9 миң сомдун тегерегинде болуп, алар айлык акысынан салык төлөшпөйт. Социалдык тармактагылардын маянасы 1,5 миң сомдун тегерегинде. Бирок, алар салыктарды төлөшөт. «Биз кызматкерлердин мына ушул катмарынын айлык акысын көтөрүүгө тийишпиз»,- деп белгиледи Жапаров.
Жаңы бюджеттеги дагы бир өзгөчөлүк, ал үч тепкичтүү болуп түзүлдү. Борбор-район-айыл өкмөтү болуп. Бул административдик-аймактык реформаларды ырааттуу жүргүзүү максатына байланыштуу жасалды. Белгилей кетүүчү нерсе быйылкы жылы Кыргызстан эки тепкичтүү бюджет менен жашады.
Ал эми 2009 жана 2010-жылдарга белгиленген бюджет долбоорунда бюджеттин кирешесин 45 миллиард сомдон ашыруу каралган. Маселен, 2009-жыл бюджеттин кирешесинин көлөмү 41 миллиард 200 миллион сом деп каралса, 2010-жылы 45 миллиард 400 миллион сом деп каралган.
Алмазбек Атамбаевдин сөзүнө караганда, Кыргызстанда келерки жылы өсүү болот. Буга Талдыбулак, Жерүй алтын кендеринин ишке киргизилиши өз салымын кошот.