Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:53

КҮЧ КОЛДОНУУ МИЛИЦИЯНЫН КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТИНИН БИР БӨЛҮГҮ БОЛУП КАЛДЫБЫ?


Күч колдонуу милиция кызматкерлеринин кызматтык милдетинин бир бөлүгү болуп калды деген тынчсыздануу менен укук коргоочулар добулбас кага башташты. Алар күч колдонуу менен айрым учурларда кишини өлүмгө чейин жеткирип жаткан тартип сакчылары тиешелүү түрдө жоопко тартылбай, мыйзамдан тыш калып жатканын айтышууда. Акыркы бир жыл ичиндеги эле милиция кызматкерлеринин кыйноолоруна туш болгон жана табышмактуу өлүм менен каза тапкан жарандар ондоп саналат.

Коомдук тартипти бузуп же кандайдыр бир мыйзамсыз иш жасап, милициянын колуна түшкөн жарандарга күч колдонуу бүгүн тартип сакчылары үчүн кадимки көрүнүш болуп калды дешет укук коргоочулар. КР президентинин алдындагы адам укугун коргоо комиссиясы, “Кылым шамы” бейөкмөт уюму жана “Күч колдонууларга каршы” жумушчу тобу бир жылдын ичинде милиция кызматкерлери тарабынан жөнөкөй жарандарга күч колдонгон ондон ашык учурларды каттаган. Бирок көпчүлүк учурларда күч колдонгон тарап жоопкерчиликке тартылбай калууда.

Булар тараткан билдирүүдө айтылгандай:

- 2006-жылы 5-августта Жалалабат шаардык ИИБнүн убактылуу камоочу жайында 55 адамды уруп-сабоо болгонун, ал эми Чынарбек Жумабаев аттуу жигитке 7 милиция кызматкери тарабынан ырайымсыздык менен күч колдонулгандыгын президенттин алдындагы адам укугун коргоо комиссиясы аныктаган. Бирок бул окуя боюнча кылмыш иши ачылган эмес.

- 2006-жылдын 22-ноябрында Нарын шаардык ИИБнөн шаардык ооруканага жеткирилген Акылбек Сакеев эсине келбей каза тапкан. Үстүбүздөгү жылы 13-августта Нарын шаардык соту бул факт боюнча айыпталып жаткан эки милиция кызматкерин толук актады.

- 2007-жылдын 14-февралында Чолпоната шаардык ИИБнүн убактылуу камоочу жайында камалгандарды массалык түрдө уруп-сабоо болгондугу аныкталса да, эч кандай чара көрүлгөн эмес.

- Март айында Ивановка айлындагы балдардын психикалык ооруканасында оорулуу балдарга күч колдонулгандыгы аныкталып, оорукананын башкы врачы кызматынан алынган.

- Апрель айында Базаркоргон райондук ИИБнүн кызматкерлери киши өлтүргөн деген шек менен камакка алынган Жаркынай Мамажанова менен Хусанбай Ражаповго кыйноо менен кылбаган кылмышын мойнуна алдырышкан. Алар өлтүргөн деген киши: Майрам Зияева тирүү болуп чыккан. Бул окуя боюнча Базаркоргон районунун прокурору кызматтан алынган.

- Ушундай эле факт Нарын ШИИБдө аныкталган. Үстүбүздөгү жылдын 18-19-июлунда 4 жашы жетелек улан милиция тарабынан кармалып, камакка алынган. Милиция кызматкерлеринин аракети менен уландар 16 кылмыш ишин мойнуна алышкан. Нарын облустук прокуратурасынын кийлигишүүсү менен гана 11 кылмыш иши мыйзамсыз козголгон деп табылып, балдардын жоопкерчилигинен алынган.

- 8-9-августта Ысыккөл облусундагы Аксуу райондук ИИБнүн кызматкерлери Темиркул Мүсүрбаев менен Арслан Шаршенбаевге күч колдонушканы аныкталган.


“Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдурасулованын айтуусунда кыйноо учурларын аныктоо оңой эмес, көп учурда мындай фактылар милиция кызматкерлеринин аракети менен жаап-жашырылып коюлат:

- Бул жерде мисал катары гана келтирдик. Ачылбай калгандары, кыйноого дуушар болгондор кайрылбай калган учурлар бар. Мындан тышкары көп учурда күч колдонгон милиция кызматкерлери өздөрү аракет кылып, мындай фактыларды жаап-жашырып коюшат.

Укук коргоочулар жана адвокаттар күч колдонуудан улам каза тапкан жарандардын өлүмү көп учурда “табышмактуу” өлүм катары гана калып, ага түздөн-түз тиешеси бар кызматкерлер жоопко тартылбай калып жатышкандыгын белгилешет. 2005-жылдын 28-августунда Октябрь РИИБнүн камоочу жайында “табышмактуу” өлүм менен каза тапкан 28 жаштагы Бекназар Базюкиндин адвокаты Вера Шоколова милиция кызматкерлери КЖКнин 316-беренеси боюнча “шалаакылык кылгандыгы” үчүн гана жоопко тартылып, ал эми күч колдонгону үчүн
эч кандай жаза албай келишкендигин айтты:

- 316-берене биздин милиция кызматкерлери үчүн колдонулуучу дежур берене болуп калды. Базюкин асынып алгандыгын көрбөй калышкан имиш. Ал эми медициналык экспертиза анын денесинин сыйрылган жерлерин, көгала тактарын, мойнундагы сыйыртмактын изи Бекназар өлгөндөн кийин түшкөндүгүн көрсөтүп турса да, прокуратуранын тергөөчүсү ага көңүл бурган эмес.

Адвокат Вера Шоколованын айтуусунда кармалгандарга күч колдонгон тартип сакчыларына карата КЖКнин 304; 305; жана 112 беренелери боюнча кылмыш иши козголуусу керек.

15-апрелде Нарын ШИИБдө каза болгон Бектемир Акуновдун уулу Урмат Акунов милиция кызматкерлеринин күч колдонуу менен адамды өлүмгө чейин жеткирүү адатын токтотууга бийлик азыртан чара көрүүгө тийиш дейт:

- Мына Нарын ШИИБдө эле өткөн жылы ноябрь айында Акылбек Сакеев ушундай жол менен каза тапкан экен. Жарым жылга жетпей биздин атабыз дагы милициянын колунан өлүмгө дуушар болду. Бийлик, прокуратура буга көз жуумп кое бере турган болсо, күч органдарынын кызматкерлеринин кыйноосу мындан ары да улана берет.

Милиция кызматкерлерине карата укук коргоочулар коюп жаткан дооматтардын негизинде кыргыз өкмөтүнүн алдындагы коргоо жана тартип иштери бөлүмүнө кайрылдык. Аталган бөлүмдүн жооптуу катчысы Сеитбек Эрматовдун айтуусунда тартип коргоо органынын кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз жасалган иштер тууралуу фактылар өзгөчө көзөмөлгө алынат:

- Кылмыш жоопкерчилигине тартууга себеби бар болсо сөзсүз түрдө кылмыш жообуна тартылат. Милиция кызматкерлери тарабынан мыйзам бузуулар болбосун үчүн Башкы прокуратура атайын профилактикалык чараларды өткөрүп турат. Ал эми бүгүн укук коргоочулар козгогон фактылардын баардыгы боюнча текшерүү жүргүзүлүп, тиешелүү чечимдер чыгарылган.

Укук коргоочулар эл менен милиция эки жээкке бөлүнүп калгандыгын бир нече жылдардан бери эле айтып келишет. Өлкөдөгү жабык деп эсептелген: убактылуу камоочу жана жаза өтөөчү жайлардын укук коргоочулар жана маалымат каражаттары үчүн жабык болуп жаткандыгы да кыйноолордун күчөшүнө, ал эми күч органдарынын кээ бир кызматкерлери үчүн бул кадимки көрүнүшкө айланып калгандыгына себеп болууда дешет алар.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG