Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:36

ПАРЛАМЕНТКЕ АК ЖООЛУКЧАНДАРГА ЖОЛ АЧЫЛАБЫ?


Парламент мүчөлөрүнүн арасында ак жоолукчандардын жоктугу кыйладан бери айтылып келет. Эл өкүлчүлүгү институтундагы мына ушул кенемтени толтуруу максатында айрым бейөкмөт уюмдар келерки парламент шайлоодо партиялык тизмеге канча эркек киргизилсе, ошончо эле ак жоолукчандарды катар кошуу сунушун колдошкон. Жаңы Шайлоо кодексине өзгөртүү, алымча-кошумча киргизүү боюнча жаңы мыйзам долбоору кечээ эларалык уюмдар менен бейөкмөт уюмдардын катышуусундагы “тегерек үстөл” жыйынында талкууланды.

«Социалдык технологиялар агенттигинин» жетекчиси Гүлнара Ибраеванын ырасташынча, аялдардын тең укугун сактоонун мүмкүнчүлүк-шарттары биртоп. Тек аларды ыктуу колдонуу коом турмушунун демократияланышына, адам укугунун толук сакталышына жагымдуу шарт түзүп бермек.

- Көп мандаттуу округ, менин баамымда, атайын гендердик иш-чараларды кошпогондо деле принцибинде эсепке алынбай калган топтордун кызыкчылыгын коргоого көбүрөөк мүмкүндүк түзмөк. Эреже катары этникалык топтордун өкүлдөрү, аялдар, жаштар шайлоодо 3 – 4- орунду ээлешет. Бул тууралуу атайын изилдөөлөр бар. Бул жагынан алганда көп мандаттуулук биртоп маселелердин башын ачмак,- деп билдирди Г.Ибраева.

Дегинкиси шайлоо атаандаштыгында кайсы бир топко, айталы, ошол эле аялдар, этникалык азчылык өкүлдөрүнө, жаштарга, майыптарга, карыларга өзүнчү шарт түзүү, алардын өкүлдөрүнүн мыйзам чыгаруу бийлигине келишине коомдук колдоо көрсөтүү туура эместигин Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын милдетин аткаруучу Акылбек Сариев билдирди.

- Эч кимди өйдө-ылдый кылбай, бирдей шарт түзүп бериш керек. Түндүк-түштүк деген бизде сөз болгон. Эми аял-эркек деп башталып жатат. Мына жакындан бери жаш-кары деп жатышат. Азыр эле өзүңүздөр уктуңуздар, майыптар-майып эместер деп бөлүнүп жатат. Эртең эле өзбек-кыргыз деп бөлүнөт.

Шайлоо кодексине өзгөртүү киргизүү өтөле жооптуу иш. Венеция комиссиясынын шайлоо менен референдумдар бөлүмүнүн кеңешчиси Сегей Кузнецовдун ырасташынча, бул жерде адам укугу, шайлоочунун укугу негизги орунда турат. Өзгөртүү, толуктоолор биринчи иретте мына ушул максат-милдетти көздөшү абзел.

- Өз тажрыйбабыздан тапкан жаңылыгыбыз бул болду. Шайлоо мыйзамына же кодекске өзгөртүү-кошумча киргизүү кыйла эле кыйын жумуш. Ал жагынан жетишерлик дегидей тажрыйба топтой алдык, аны бөлүштүрүүгө даярбыз.

Ушул эле ойду улантып, Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун адам укугу бюросунун шайлоо өткөрүү боюнча кеңешчиси Тигран Карапетян маанилүү саясий өнөктүктү өткөрүп жаткан өлкө эларалык стандарттарды сактоо боюнча алган убадасын аткарышы абзел экендигине басым жасады.

- Биздин сунуштарыбыз Шайлоо кодексине өзгөртүү, кошумча, толуктоолор киргизүү учурунда эсепке алынышы керек деп ойлойбуз. Себеп дегенде, ал мыйзам текстине гана байланыштуу эмес. Шайлоо өткөрүү боюнча сунуштарыбыз мыйзам иш жүзүндө кандайча колдонулуп жатканына байкоо жүргүзүүдөн кийин жаралган.

Жаңыланып жаткан Шайлоо кодексине, «Болуш» коомдук бирикмесинин жетекчиси Сапар Аргымбаевдин айтуусунда, биртоп өзгөрүүлөр киргизилген.

- Бир мандаттуу округдарды азайтсак болот эле. Бир мандаттуу округдан 50 миң эмес 70 000 же 100 000 шайлоочунун арасынан бир депутат сындан өтсө, мен ойлойм, өтө тың, болбосо акчасы чачылып жаткан киши же эл ишенимине арзыган, көпчүлүктүн колдоосуна ээ болгон киши өтөт эле.

Шайлоо кодекси ушу тапта иштеп жаткан Башмыйзам принциптерине ылайык өзгөртүлүүдө. Өткөн жылдын ноябрь, андан соң декабрь айларында апыл-тапыл кабыл алынган Конституция дагы өзгөртүлүп, жаңы редакция ушу тапта Конституциялык соттун кароосунда жатат. Тийиштүү жөрөлгөлөрү жасалгандан кийин ал Жогорку Кеңеште кабыл алынып калышы деле мүмкүн. Ага ылайык Шайлоо кодекси дагы жаңыланышы толук ыктымал.

XS
SM
MD
LG