Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:12

АМЕРИКА МЕНЕН ОРУСИЯ АЛАКАСЫНДА КАНДАЙ ЖАЛПЫ КЫЗЫКЧЫЛЫКТАР БАР?


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Сенатор Ричард Лугар жана мурдагы сенатор Сам Нанн АКШнын куралсыздануу программасына чоң салым кошушкан. Алардын демилгеси менен 1992-жылы ядролук куралды азайтуунун америкалык-орусиялык программасы түзүлүп Кошмо Штаттарынын Конгресси ошонун негизинде мыйзам кабыл алган. Ал программанын мөөнөтү 2009-жылы бүтмөкчү. Ошондуктан алар бир чети программанын жыйынтыгын чыгарып, бир чети анын келечегин маакулдашуу максат менен Москвага келишкен. Дүйшөмбү күнү журналисттер алдында сенатор Лугар жер жүзүндө элди массалуу түрдө кыруучу куралдарды кыскартуу ишинде Кошмо Штаттары менен бирге бол деп Орусияга чакырык таштады. Аны мурдагы сенатор Нанн да колдоого ала сөз сүйлөдү.

Америкалыктар калкты массалуу түрдө кыруучу куралдарды чектөө мыйзамын «Нанн-Лугар» деп ал мыйзам жердигин жазган сенаттар ысымдары менен атап алышкан. Ал мыйзам кабыл алганга быйыл он беш жыл толгон.

Эл аралык коомчулукка кеңири танымал ошол программанын өмүрү дагы да узарышын самаган Нанн-Лугар мырзалар бул күндөрү Маскөөдө жүрүшөт. Ал үчүн олуттуу негиз бар экенин америкалык өкүлдөр мындайча негиздеген. Террорчулук баш көтөрүп атканда ядролук, химиялык жана биологиялык куралдарды кыскартуу ишинде, бизди көрүп, бөлөк өлкөлөр жаман үйрөнбөшү үчүн, кебибизде бек туралы дешкен.

«Эркин Европа жана Азаттыктын» Орусиядагы кабарчысы Хлоя Арнольд жазганга караганда баш аягы Советтер Союзу тушунда чыгарылып сакталып калган куралдардан: бу континенттен тиги континентке тийүүчү 2000 ракета, ракеталарды атчу 1000 түзүлүштөр жана ядролук 7000 бомба кыскартылышы керек.

Америкалык сенатордун пикири боюнча Орусия менен Америка алакасында бирге иштей турган маселелер жетишерлик. Алардын бири Түндүк Корейди атом куралдуу өлкөгө айлантпай калуу болду деген.

Андан аркы кебинде Ричард Лугар: «Ушунун эле өзүндөй Ирандын ядролук программасынан келип аткан коркунучка да Орусия менен АКШ бирге каршы турушу керек. Биздин өкүмөттөр ортосунда Тегерандын аракетине карата болуп келаткан бири-бирин түшүнбөчүлүк абдан көпкө создугуп кеттти», - деген.

Тыштан көз салуучулар чөйрөсү болсо эки элдин алакасындагы жалпы кызыкчылык барган сайын келегейлене баштады дешет.

«Путиндин көзүнө АКШнын жеңиши автоматтык түрдө Орусиянын жеңилиши болуп көрүнөт. Ошондуктан жалпы кызыкчылыкты турмушка ашырууда Жорж Буш менен Владимир Путиндин ийгиликке жетишеринен күмөнүм бар», - дейт Стенфорддук университеттин окутуучусу Майкл Макфаул.

Ал эми орусиялык белгилүү саясатчы Сергей Караганов айтканга караганда:«Америка менен Орусия жалпы кызыкчылыгы - баарыдан мурда ядролук куралды үчүнчү мамлекетке таркатпоо, террорчулукка каршы күрөш жана башкалар, бирок азыркы шартта, арттагы маселеттер кыстап алдыга чыгып, алдыдагы маселелер артка жылууда», - дейт.

Анын арсында маскөөлүк сыналгылар Орусиянын Беларустагы элчиси Александр Суриковдун: «ядролук куралга тийиштиги бар кайсы бир түзүлүштөрдү» беларустук жерге жайгаштырса эмне болот?» - деген маалыматын таркатты.

XS
SM
MD
LG