Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:47

ИРАНДЫК АЯЛДАРДЫН «БИР МИЛЛИОН КОЛ ТАМГА» ӨНӨКТҮГҮНӨ БИР ЖЫЛ ТОЛДУ


Үстүбүздөгү жумада ирандык аялдардын “Бир миллион кол тамга” өнөктүгү башталганына бир жыл толду. Өнөктүк ээри- зайып ажырашканда, мүлк мурастоодо, бала асырап алууда эркектерге ашыкча укук берилгенине көпчүлүк аялдар нааразы экенине коомчулуктун көңүлүн бурууну көздөйт. Анын уюштуруучулары эки жылдын ичинде 1 миллион адамдын кол тамгасын чогултууну мерчем кылышкан.

“Бир миллион кол тамга” чогултуу өнөктүгү аялдарды кемсинтүүчү мыйзамдарга каршы былтыр июнда Тегеранда өткөн демонстрациядан кийин башталган. Ошондон бери 400- 500 ыктыярдуу келин- кыз Интернет аркылуу, сейилбак, сулуулук салону сыяктуу коомдук жайларда аялдардын укугун эркектерге теңөөнү жактап, кол чогултушат. Көрүнүктүү Иран акыны Симин Бекбахани айым өнөктүктү алгачкы күндөн тартып колдоп чыккан. Анын пикиринче, кол чогултуучулар аялдар көйгөйүнө Ата журттун жана эларалык коомчулуктун көңүлүн бура алышты:

-Биз сансыз адамдар, көптөгөн аялдар менен сүйлөштүк жана алардын колдоосун алдык. Бул чоң ийгилик деп ойлойм. Биз чамалуу болсо да мыйзам чыгаруучулар козголгудай жана дүйнө биздин табапты уккандай иш жасадык. Ирандык аялдар мүмкүн болушунча тез арада өз укуктарын пайдаланып калышаарына ишенем.

Өкмөт да жөн отурган жок. Өнөктүктүн активдери жана аялдардын укугун жактоочулар куугунтукталууда. Кол тамга чогултуучулардын кээ бирлери сотко чакырылып коркутулса, экинчи бирөөлөрү өлкө коопсуздугуна шек келтирди деп, кыска мөөнөткө эркинен ажыратылды. Алардын айрымдарын АКШнын акчасына “баркыт ынкылабын” уюштурууну көздөйт деп да күнөөлөөштү.

Аял укугун жактоочуларды кысмакка алуу- студент жана жумушчу активистерди, интеллектулардарды абакка салуулар менен коштолду. Ырасмий Тегерандын ядролук программасына, ошондой эле Ооганстан менен Ирактагы ролуна байланыштуу Иран өкмөтү азыр эларалык коомчулуктун жана АКШнын кысымына кабылып турган кез. Ошондуктан, өлкөдө бийликке нараазылык күчөп кетиши ыктымал деп кооптонгон Иран жетекчилиги өкмөткө сын көз менен караган адамдарга катаал мамиле жасоодо дешет серепчилер. Калифорния университетинин доценти Нейра Тогиди да ушундай көз карашта:

-Аялдар кол тамганы коомдук жайларда чогултуп жүрүшөт. Бул жарандардын талабын билдирүүнүн абдан тынч жана айдан ачык жолу. Мындан коркуу- жетекчиликтин алсыздыгын жана өзүнө ишенбегенин көрсөтөт.

Нобель атындагы Тынчтык сыйлыгынын лауреаты, Ширин Эбади “Бир миллион кол тамга” өнөктүгүнүн бир жылдыгына байланыштуу 27- августа жасаган билдирүүсүндө БУУга кайрылып, Ирандагы аялдардын абалын изилдеп көрүүнү өтүнөөрүн айтты. Ширин айымдын сөзүнчө, акыркы бир жылда Иранда аялдардын укугун коргоо акциясына катышкан 50дөй адам камакка алынган.

XS
SM
MD
LG