Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:25

КҮРМӨҢ КАНЧА КҮМӨНДӨР?


«Общественный рейтинг»

Босогодо жаңы окуу жылы. Ата-энелердин түйшүгүнө дагы бир түйшүк-балдарды мектепке даярдоо түйшүгү кошулду. Ушул маселеге кайрылган гезит балдардын көйнөгү-200 сом, күрмөсү шымы менен-1500 сом турарын, кокус балаңыз гимназия мектебине баргысы келсе кирүү акысы-100 доллар, мындан тышкары окугандыгы үчүн айына 500 сом, мектеп кароолу үчүн-100 сом, мектеп ремонту үчүн-100 сом, мектеп тамагы үчүн-50 сом кетерин, эгер гимназия мектеби кымбат десеңиз баланы жөнөкөй мектептен окутса деле болорун, анын 1-класска кирүү акысы 100 доллардан кем эместигин, анткен менен айрым төлөй турган акчалардын көлөмү гимназия мектебиникине караганда бир аз арзандыгын, бирок бир кызыгы- ата-эенелер менен окуучулардын айтымында гимназия мектеби менен жөнөкөй мектептердин акча төлөө акылары ар кандай болгон менен билим берүү сапаты бирдей экендигин жазып чыкты.

«Комсомольская правда Кыргызстан»

Бишкек ТЭЦинин жумушчуларынын айлык акылары эки жылдан бери көтөрүлө элек. Жакшы адистердин көбү акчаны арбын төлөй турган жактарга кетип калышты. Жумушчулардын жалыйнасын көбөйтүү үчүн сөзсүз жылуулукка төлөнө турган акыны көбөйтүү керек. Муну көбөйтүү дегендик шаар тургундарынын чөнтөгүнө кол салуу дегендик. Бирок бүгүн мындан бөлөк арга жок, деп айтты ушул гезит аркылуу Бишкек жылуулук энерго борборунун деректири Лев Васильев.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG