Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. 2008-жылга бюджет долбоорун өкмөт шаршемби күнкү жыйынында жактырып, Жогорку Кеңешке жөнөтүү чечимин кабыл алган. Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгү 36 милилард 973 миллион сом, чыгашасы 42 миллиард 457 миллион сом деп белгиленүүдө. Келерки жылдагы бюджеттин дагы бир өзгөчөлүгү ал үч тепкичтүү болуп түзүлдү. Быйылкы жылы Кыргызстанда эки тепкичтүү бюджет иштеп жатат. (AiT)