Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:07

17:56 Кочкор райондук “Эмгек Туусу” гезитинин жамааты сегиз айдан бери айлык акы ала элек


Кочкор райондук “Эмгек Туусу” гезитинин башкы редактору Амантур Сооданбековдун айтымында, облус боюнча жападан жалгыз жума сайын стабилдүү жарык көрүп жаткан бул басылма кыйынчылык тартууда. Гезит турган имарат өткөн жылдан бери мурдагы баш редактордун менчигине өтүп кеткен соң дарыканада ижарада турушкан. Ал жер титирөөдөн жарабай калгандыктан башка имаратка ижарага көчүшкөн. Гезиттин уюштуруучусу Кочкор райондук мамлекеттик администрация экенине карабай ал жактан эч жардам жок. Тескерисинче, жергиликтүү бийлик материалдары бекер басылат. “Эмгек Туусу” гезитинин нускасы 1500 болсо, анын 1200нө жазылуу жүргөн. Андан түшкөн каражат кайра эле гезитти Бишкектен бастырууга кетет. Эч жактан финансылык жардам болбогондуктан гезиттин кызматкерлери жыл жаңыргандан бери айлык акыларын алыша элек.

XS
SM
MD
LG