Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:14

ӨЛКӨ ЭКОНОМИКАЛЫК ТУТКУНДА ТУРАТ


Өлкө 16 жыл ичинде саясий эркиндикке жетишкени менен экономикалык жактан чет өлкөлөргө көз карандылыгынан кутулган жок. Менчиктештирүү туура эмес жүргүзүлүп, гендердик саясат аксады. Жумушсуздук менен начар турмуштун айынан эмгек миграциясы күчтүү болууда. Өлкөнүн көз каранды эмес күнүнө карата Жалалабаттык тургундардын ойлору мына ушундай.

Өлкө 16 жыл ичинде саясий туткундан бошонгону менен Кытай, Орусия, Казакстан сыяктуу байманалуу өлкөлөрдун экономикалык басымы алдында калды. Менчиктештирүү туура эмес жүргүзүлүп, айыл чарба жана өнөр жай ишканалары да элдир-селдир иштөөдө. Тыш өлкөлөргө өз өнүмдөрүн сатууга чыгаргандан көрө кыргыз мамлекети керектөөчү катары тышкы жардамдарга муктаж болуп калганы облустагы бейөкмөт уюмдун жетекчиси Мураталы Үчкемпировду да ойлондурууда. Жашоонун начардыгынан жаштардын 60 пайызы Орусия жана Казакстанга иш издеп кетип калды.

- Казакстанга буудайга көз каранды болуп калыптырбыз. Адистердин көпчүлүгүнүн 60 пайызга жакыны Орусияда жүрүшөт, - дейт Мураталы Үчкемпиров.

Мамлекет сырт өлкөлөрдөн техника алганы менен ата мекендик өнүрүшчүлөргө коргой алган жок. Адам укугу жакшы сакталбай, коррупциянын тамыры тереңдеп кетти. Бийлик кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү менен аралашып, кемчиликтерди жоюунун ыкмаларын айткан оппозицияга душман катары мамиле жасоодо.”Ата Мекен” партиясынын Жалалабат шаарындагы координатору Ильич Нарматовдун пикири боюнча бийлик оппозициядан эмес, көз көрүнөө мактамыш болуп турган кошоматчылардан арылуусу зарыл болчу.

- Атамекендик өндүрүшчүлөргө шарт жок. Оппозицияга басым жасабастан колдош керек. Кемчиликти айткан адамдан коркпош керек. “Азаматсың” деген адамдан коркуш керек. Ал адам акыры келип артыңдан бычак уруп коюшу мүмкүн,- дейт Ильич Нарматов.

Мамлекетте гендердик тең укуктук сакталбай, мыйзамдар кагаз жүзүндө калды. Эгемендик жылдарында өлкөдөгү элдин көп бөлүгүн түзгөн аялдардын парламенттеги жана кызмат орундарына жетишүүсүнө шарт түзүлгөн жок. Дүйнөдө аялдардын өкүлдөрүсүз иштеп жаткан кыргыз парламенти гана болушу мүмкүн. Бийлик уюмдарына 30 пайыз аялдарды катыштыруу тууралуу президенттин жарлыгы менен мыйзамдардын аткарылбаганы- көз каранды эместиктин башкы кемчиликтеринин бири деп эсептейт облустагы аналитик Анаркан Жаңыбаева.

Тең салмактуулуктун сакталбай, бийлик уюмдарында мыйзамсыздыктар коп болгондуктан жаз-күз айларында тынчтыкка доо кетип, бийлик менен оппозициянын тирешүүсү токтобой атат. Бийликке элдин ишеними азаюууда.

- Кыргызстанда жаз менен күз айларында стабилдүүлүк жоголуп, президенттик креслону талашуунун ортосунда Кыргызстандын жалпы калкын коркунучтуу абалга коюп жатышат. Бизде кагаз жүзүндө мыйзамдар калып калды. Ишке өтүү процесси дале жок. Президент айтып коёт. Губернатору бирди айтат, ал сөздү ишке ашыруу боюнча кандайдыр бир структура жок. Азыр эл бийликке ишенбейт. Ар ким өзүнүн жанын багыштын айласын кылып жүрүшөт. Ошондуктан миграция күчтүү болуп, чет мамлекетке чыгып кетип жатат,- деди Анаркан Жаңыбаева.

Бирок, губернатордун орунбасары Камила Талиева өлкө жарандарын коргоого көңүл бурулбайт деген пикирге кошулган жок. Анын оюнда эмгек миграциясы башка чет өлкөлөрдө деле болгон. Ушул тапта өлкө калкы бардык тараптан өз эркиндигине жетишти.

-Эл өзүнүн эркиндигин колуна алды. Эл- ар тарабынан эркин. Психологиялык жактан, моралык жактан, экономикалык жактан. Буга мисалы катары бүгүнкү күндөгү миграцияны алып көрөлү. Миграция дегенде биз дайым эле экинчи же терс тарабын айтабыз. Жок, бул андай эмес. Мен айтар элем дүйнөлүк аренада да, тарыхта да өнүккөн мамлекеттер дүйнө кезип кеткен, дүйнөнү багындырышкан, - деп айтты Камила Талиева.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG