Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:09

ДАЙЫНСЫЗ ЖОГОЛГОНДОР ДҮЙНӨДӨ ЖҮЗ МИҢДЕП САНАЛАТ


Кыргызстандын тарыхында сталиндик репрессиянын жана экинчи дүйнөлүк согуштун мезгилинде көп адамдар дайынсыз жоголгон. Согуштарда жана репрессияларда дайынсыз жоголгондор дүйнөнүн бир катар аймактарында азыркы заманда да 10 миңдеп саналат. Мына ушул курмандыктарды эскерүү үчүн бүгүн 30-август Бириккен Улуттар Уюму тарабынан Дайынсыз жоголгондордун Эл аралык Күнү деп жарыяланган. Бул күнү белгилүү эл аралык уюмдар жоголгондордун жана алардын урук-туугандарынын тагдырына көбүрөөк көңүл бурууга чакырышууда.

2001-жылдын 18-майы Лариса Аскарованын түбөлүк эсинде калды. Бул күнү Орусиянын Федералдык күчтөрү анын Чеченстандагы үйүнө эшигин кагып келишкен.

Таң эртең менен бирөөлөр эшикти тарсылдатып какты. Мен бир нерсе болгонун сезип, ыргып туруп, "азыр, азыр ачам" деп эшикти көздөй чуркадым. Бирок аскерлер эшикти талкалап кирип келишти. Мени дубалга такап, мылтык көзөштү. Берки бөлмөгө барып, эч бир суроо бербестен, күйөөмдү желкеден алып, колун кишендеп, башына желим баштык кийгизип, жерге жаткырышты. Анан атын сурап, алып кетишти.

Аскарованын айтымында, ал күнү орус аскерлери алып кеткен 6 кишинин төртөөнүн өлүгү табылган, бирок күйөөсү дайынсыз жоголгон.

Дүйнө жүзүндө Аскарова сыяктуу жоголгон жакындары тууралуу эч кабары жок, жылдан жылга зарыгып күткөндөр сансыз көп.

- Карла Хаддад дайынсыз жоголгондорду издеп табуу иштери менен алектенген эл аралык Кызыл чырым уюмунун өкүлү. Анын айтымында бүгүн жаңжалдарда жана башка кырдаалдарда дайны табылбай кеткендер 10 миңдеп, ал тургай 100 миңдеп саналат.

Ушул күндөрү Кызыл чырым уюму дүйнө мамлекеттерин жоголгондордун жакындарына жардамды күчөтүүгө чакырган жаңы отчет жарыялады. Уюмдун эсебинде, бүгүн Иракта эле Иран менен согушта, Саддам Хусейндин бийлиги тушунда жана азыркы жаңжалда 375 миң киши дайынсыз жоголууда.

- Кээде дайынсыз жоголгонду издеп, өлүкканага баргандын өзү коркунучтуу. Бир аял күйөөсү менен баласын издеп өлүкканага барганда, күйөөсүн барымталап кетишкен учурду кездештиргенбиз.

Тынчтык орногон күндө да жоголгондорду табууда кыйынчылыктар болот. Мисалы массалык көрүстөндөр тууралуу билгендер ал тууралуу маалымат бергилери келбеген учурлар бар. Тажикстандагы согушта, Тоолуу Карабакта, Түштүк Осетияда, Абхазияда жана 1990-жылдардагы Балкан жаңжалында жоголгон көп киши бүгүн да табыла элек.

Былтыр Бириккен Улуттардын баш жыйыны дайынсыз жоголууга тыюу салган конвенция кабыл алган. Кызыл чырым уюму мамлекеттерди бул документти ратификациялоого чакырууда. Аракеттерди күч алдыруу чакырыгына Европа кеңеши да кошулду. Кеңештин парламенттик жыйынынын президенти Рене ван дел Линден Кавказдан Жакынкы Чыгышка чейинки аймактардан дайынсыз жоголгондордун урук-туугандарын көп ирет жолуктурганын биздин радиого мындайча билдирди:

- Алар күн санап, саат санап жоголгон жакындары эмне болду экен деп зарлап жашашат. Бирок жооп таба алышпайт, алардын кайда экенин да биле алышпайт. Адам укуктарына келгенде жоголгондорду табуу саясатчылардын жана өкмөттөрдүн милдети.

Ал эми Чеченстандык Лариса Аскарова алты жылдан бери күйөөсүнүн кайда экенин билбейт. Күйөөсүн ошол таңда алып кеткен бронетранспортерлердун номерлери анын эсинде, "бирок, менин тагдырын эч ким билгиси келбейт" деп үшкүрүнөт Аскарова.


Жаңыл Жусубжан, Прага

XS
SM
MD
LG