Орус статисттик агенттиги үстүдө айдын жакасында таркаткан маалымат боюнча Орусияда орточо баа 6,1 пайызга өскөн. Бирок жер-жерлерде баа ар башка экен. Ал эми ири калаалар менен элет жерде баадагы айырма асман менен жердей экенин айтышат.
Өлкөнүн батыш кыйырындагы Санкт-Петербургда азык-түлүк баасы 8,6 пайызга кымбаттаган. Анализчилер, ошондон уламбы дешет, жакында калаа башчы жыл акырына чукул нанды карточка менен бергенге өтөбүз деп жиберип, кийин аны Санкт-Петербургдук өкүмөттүн өкүлү Александр Сажин жокко чыгарууга ашыккан:
«Питерде эч кандай карточка киргизилбейт. Бул жерде социалдык жактан коргоосу аз тургундарга кантип жардам берүү кеби болуп атат. Балким пенсиясына жөлөк пул же кандайдыр бир талон берип жардам этебиз».
Ал калаадан жүз чакырым чыгыштагы Псков шаарда нарк башка экенин ал жерлик тургун аял биздин кабарчыга айткан:
«Азыр Псковдун дүкөндөрүнөн нанды 9 рублдан 15 рублейге дейре баа менен сатып алса болот».
Өлкөнүн Азия тарабында субъектерде нарк, маселен, Алтай, Бурят жумурияттарында, Кемеровск обулусунда нан мурдагы баасынан бир рублга кымбаттаган.
Кыргызстанда сомдун башка мамлекет акчасына алмашуу наркы канча экенин билбейм. Ошондуктан бул өлкөдө азык-түлүк баасын рубль менен алып айталы.
Орто эсептен алынып, ырасмий булактар таркаткан баа боюнча азыркы тушта Орусияда бөлкө нан 12 рубль, бир кил уй эти же кой эти 250 рубль, бир кадак кант 22 рубль, жууган майдын кадагы 100 рубль, жумуртканын он даанасы 30 рубль, помидор менен бадыраң да ошончо баада, шабдаалы 80 рубль, алма менен алмурут 60 рублдан жогору, картөшкө 25 рубль болууда.
Бул катарга Маскөө кирген жок. Анализчилер айтканга караганда ордо калаада тамак аштын баасы өлкөдөгү орточо баадан эки эсеге арзан. Анын купуя сырын түшүнүү кыйын эмес - үч айдан кийин Мамдуманы шайлоо өтөт дешет.