Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

КЫРГЫЗ ӨКМӨТҮ “КАМЕКО” МЕНЕН НАТЫЙЖАЛУУ СҮЙЛӨШҮҮЛӨРГӨ ЖЕТИШТИ


Кыргыз өкмөтү канаданын “Камеко Корпорейшн” жана “Центерра Голд Инк” компаниялары менен тогуз айдан бери жүргүзгөн сүйлөшүүлөрү натыйжалуу болгонун билдирди. Премьер-министр Алмазбек Атамбаевдин айтымында, Кумтөр боюнча эки тараптуу макулдашуулардын аркасында кыргыз тараптын акциясы эки эсе көбөйө турган болду. Аталган компаниялар менен өкмөт келишимдерге эртең кол коюусу күтүлүүдө. Каржы министри Акылбек Жапаров болсо Кумтөр долбооруна мурдагы өкмөт башчылары элдин кызыкчылыгын ойлобой эле өздөрүнүн кызмат орду үчүн Кыргызстанга пайда бербеген келишимдерге кол коюшканын айтты.

Кыргызстандын Өкмөтү бүгүн Кумтөр боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы натыйжалуу болгондугун билдирди. «Камеко» менен жетишилген бүтүм боюнча Кыргызстандын Кумтөр кениндеги 15,66 пайыз акциясы эки эсе көбөйүп, 30,6 пайыз болот экен. Эгерде мурдагы кыргыз өкмөтү 17 пайыз акциясын сатып жибербегенде кыргыз тараптын энчиси 52 пайыз болмок, дейт премьер-министр Алмазбек Атамбаев.

-Биз Кумтөр боюнча бир нече жолу татаал сүйлөшүүлөрдөн кийин ийгиликке жетиштик. Эгерде кыргыз тарап акциясынын бир бөлүгүн сатпаганда, бүгүнкү сүйлөшүүлөрдөн кийин Кыргызстан 52 пайыз акцияга ээ болмок. Тилекке каршы ал акциялар сатылып кеткенден кийин эми Кыргызстан 30 пайыздан ашык акцияга ээ боло турган болду.Бул азыркы биздин энчибиздеги 15 пайыз акцияга караганда эки эсеге көбөйөт.

Жаңыдан макулдашылган келишимге премьер-министр Алмазбек Атамбаев жана “Камеко” компаниясынын өкүлдөрү 31-августта кол коюша турган болду. Андан кийин ал келишим Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилет.

Мурдагы өкмөттүн шалаакалыгынын кесепетинен Кыргызстан Кумтөр кениндеги өз энчисинен кол жууп келген деп билдирди каржы министри Акылбек Жапаров.

-Жаңы бийлик келгенге чейин мурдагы өкмөттө Кумтөр боюнча маселе каралбаптыр. Кээ бир келишимдер англис тилинде кетиптир. Жанагы тоо кен изилдөө боюнча документтер да англис тилинде экен. Ошол документтерге кол коюлуп кетиптир. Биз аларды кайра-кайра такып сурагандaн кийин орусча котормосун алып келип беришти. Бул маселе мурда бир кишинин чечими менен болгону жашыруун эмес. Жогору жактагы адам өкмөт мүчөлөрүнө кол коюп бергиле деген. Өкмөт мүчөлөрү өз кызматтарын эл кызыкчылыгынан жогору коюшуп, келишимдерди карабай эле кол коюп беришкен. Кыргыз эмне болсо ошо болсун ээлеген кызматыбызда калалы дешип. Мунун баары шалаакылыктан болгон.Мен ойлоп атам эми мындан ары ушул сыяктуу иштер, чоң долбоорлор мындай жол менен чечилбейт. Мындай чоң долбоолорду эл билиш керек. Өкмөт өзү карап чыгышы керек. Эгерде парламентке керек болсо Жогорку Кеңеш макулдугун бериши керек. Анан аягында мыйзам катары президент бекитиш керек.

Мурда кумтөргө байланыштуу өкмөттүн чечимдерин катуу сынга алып келген саясатчы, Кыргызстан тоо кенчилер бирикмесинин башчысы Орозбек Дүйшеев канадалыктар менен сүйлөшүү ийгиликтүү болгонунун белгиледи. Анын айтымында, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы натыйжалуу болуп "Камеко" Кумтөрдөгү кен байлыктарын чалгындоого жылына 15-20 млн. доллар бөлө турган болду. Ошондой эле “Ысыккөл облусуна Камеко түшкөн кирешенин бир пайызын берип, экологияны коргоого 310 миң доллар каражат бөлөт.

XS
SM
MD
LG