Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:40

ЭГЕМЕНДИК КЫРГЫЗСТАНГА ЭМНЕ БЕРДИ?


Бүгүн Кыргыз Республикасынын эгемен мамлекет катары өз алдынча жашай баштаганына туура 16 жыл толду. Айрым саясатчылар эгемендикти алган жылдардан бери бийлик бир канча адамдарга гана кызмат кылып, өлкө өнүкпөй келатканын айтышса, башкалары өлкө өнүгүү жолунда баратканына ишенишет. Деги эгемендик 16 жыл ичинде Кыргызстанга эмне берди? Мамлекет бул арада кандай жетишкендиктерге жетти, эмнеден өксүдү?

Эгемендиктин алгачкы жылдары Кыргызстандын туңгуч президентинин жүргүзгөн саясаты - өлкөбүздү демократиянын аралчасы атыктырды. Бирок, байкоочулардын баамында, президент Аскар Акаев кийинчерээк айлана-чөйрөсүнүн таасири астында калып, авторитардык бийлигин күчөттү да үйбүлөсү менен мамлекеттик мүлктөрдү талап-тоногонго чейин барды.

Деген менен ал доордун да мактоого арзый тургандай жактары бар дешет. Маселен, сөз эркиндиги, адам укуктары жаатындагы жылыштар сыяктуу жетишкендиктер.

Азыркы бийликтин каршылаштары Акаев доорундагы кемчиликтер дагы деле кайталанып келатканын, элдин турмушу оңолбогонун, бийлик башындагылар берген убадасынан тайып, жакындарын дагы деле болсо бийлик бутактарына алып келүү менен алектенип жатканын айтышууда. Ал эми бийлик тараптагылар статистикалык маалыматтарга таянып, экономика барган сайын өсүп, мамлекет өнүгүп баратканын баса белгилешүүдө. Окумуштуу, социолог-мударис Кусейин Исаев эгемендик учурундагы жетишкендиктер жана мүчүлүштөр тууралуу буларга токтолду:

- Cаясий жетекчиликке бологон талап, бул арада эл тараптан өтө жогору болду. 2005-жылдын 24-мартындагы элдик ыңкылаптын эң негизги себеби, жетекчилердин тойбостугу, ач көздүгү, элдин нагыз максатын унутуп калгандыгы болду. Бул жагынан эл өз күчүнө, өз акылына, өзү өзүнүн жашоосуна жооп берүүсү керектигин түшүнүп калды. Бул - уткандыкка жатат. Эми утулганы. Азаттыкка чыккандан кийин көп нерселер өзүнөн-өзү болуп калабы дешти. Мына, азаттык алгандан кийин жалгыз эле саясий элита эмес, бүт калк азаттыкка мас болушту. Бир канча муундун ак эмгеги менен жыйылган байлыкты менчиктештирүү деген түшүнүк менен бөлүштүрө башташты. Бөлүштүргөндө эч кандай мыйзам ченемдүүлүк болгон жок. Бул чоң утулуш болду.

“Эркиндик” партиясынын лидери Топчубек Тургуналиевдин айтымында, эгемендик деген түшүнүктү саясий жактан гана алып кароого болбойт. Анткени бул түшүнүк социалдык, экономикалык, коомдук жана руханий эркиндик менен да тыгыз байланышкан. Ошондой эле ал акыркы убактарда эгемендик түшүнүгүн баалабай, башка мамлекеттер менен биригүү демилгесин көтөрүп жүргөн саясатчыларга караманча каршы:

- 1991-жылдын 31-августунда жарыяланган эгемендүүлүктөн кийин 16 жыл ичинде бир кыйла кадамдарды жасадык. Аны танууга болбойт. Бирок да экономикалык жактан, айрым эл аралык мамилелерде, өзгөчө табигый байлыктарда пайдаланууга келгенде эгемендүүлүктү өтө төмөн түшүрүп таштадык.

Ал эми “Арнамыс” партиясынын тең төрагасы Эмил Аливдин ырасташынча, алгачкы жылдары эл кандайча эгемендикти алганын түшүнбөй калган. Ошондой эле ал эгемендик алгандан кийин башкарууга келген адамдар өз кызыкчылыктарын көздөп бири-биринин катасын кайталап келатат дейт:

- Түшүнбөй калдык да кайсы жерге туш келип, кандайча эгемендүүлүк алып калдык. Анан биз жыргайт экенбиз деп туруп, биздин жетекчилер элди артка түртүп салды. Алар биз эчтекеси жок эле тообуз, суубуз менен жыргайбыз, экинчи Швейцария болбуз деп отуруп ушул абалга жетип калдык. Азыркы бийлик деле ошол эле каталарды кетирип атат.

1991-жылдын 31-августунда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында көз карандысыздык жөнүндөгү декларация кабыл алынып, Кыргызстан көз карандысыз, эгемендүү жана демократиялык мамлекет катары жарыяланган. Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев өлкөнү 2005-жылдын март айына чейин башкарып, 24-марттагы элдик ыңкылаптан кийин өлкөдөн качып чыгууга аргасыз болгон.

XS
SM
MD
LG