Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:44

КУМТӨР БОЮНЧА ЖАҢЫ КЕЛИШИМДЕН КЫРГЫЗСТАНГА КАНДАЙ ПАЙДА БАР?


Кыргыз өкмөтү менен “Камеко” жана “Центера голд” компанияларынын ортосунда Кумтөр кени боюнча сүйлөшүүлөрү соңуна чыгып, бүгүн келишимге кол коюлат. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын каржы министри Акылбек Жапаров “Азаттыкка” айрым суроолорго жооп берген.

- Жаңы келишимдер боюнча Кыргызстандын акциялар пакетинин көлөмү 30 пайызга жетти деп билдирилди. Мурда 15 пайыз эле. Акциялардын көлөмүн мындан да көбөйтсө болор беле?

- Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет дейт, мындан да көбөйтсө болот эле. 2003-жылдагы болгон реструктуризация маалында эгерде кыргыз өкмөтү азыркы эксперттик жана жумуштук топ иштеп чыккан анализдердин баарын кылып, өзүбүздүн запастардын баарын иликтегенде, өзүбүздүн кыргыз элинин кызыкчылыгын коргоп калганда, анда бизде 52 пайыз болуш керек эле “Центерра” компаниясында деген бүтүмгө келгенбиз. Биз 4-5 вариантын карап көргөнбүз. Биринчисинде 62 пайызга чейин биздики болуш керек эле. Анткени ал убакта Газсуд жана Рем дегендер келип иштей элек болчу. Эң акыркы биздин расчетторубуз боюнча 55,70 пайыз болчу. Учредитель аккредитация кылынып атканда кыргыз тарапта болуш керек эле деген макулдукту биз биринчи жолу жыйынтыктап геологиялык, экономикалык, финансылык жагынан дагы баарын талдап бердик. Канадалыктар дагы ошол эсептердин баарын эске алып, келечекте “Центерра” иштеш үчүн дагы, Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн тарыхый чындык ордуна келиши үчүн дагы ушундай кадамдарга бардык.

2003-жылы өкмөт шашып-бушуп реструктуризация кылып туруп эле, мындан ары акциянын баасы көтөрүлө турганын билип туруп эле атайын өздөрүнүн акцияларын сатып ийишкен болгону 84 миллионго. Эгерде аны сатпаганда бүгүнкү күнү үч компанияда эң чоң акционер болуп калат элек да. Ал эми андан кийин дагы бир-эки жолу инвестиция болуп кеткен. Ошол себептен бүгүнкү күнү биз 30 пайыз болуп атабыз. Ал эми бүгүнкү күнү 52 пайыз болуп турган “Камеко” корпорациясы 37 пайызга чейин өзүнүн акцияларынын ээлери болуп калып атат. Ошентип “Центерра” компаниясында эң чоң акционерлердин катарына Кыргызстан дагы кирип атат. Өткөндө эки раундда сүйлөшүүлөр болгон. Анда кыргыз тарап алардын сунуштарына көнбөй койгон. Андан кийин биздин сунуштарга жалаң акчалай компенсация бергиле 480 миллион доллардын тегерегинде, бизде болгон 15 пайыз акция кала берсин дегенибизге канадалыктар болбой койгон.

- Сөзүңүзгө аралжы, биз жөнөкөй катардагы угармандарга жасап жатабыз бул маегибизди. Ошолорго түшүнүктү болсун үчүн жөнөкөйлөп айтып берсеңиз, азыркы келишимдин Кыргызстанга эмнеси пайдалуу болду?

- Биринчиден, биз өзүбүздүн кенибизди иштеткенге кененирээк акча ала турган болдук. Беш киши директорлор кенешинин мүчөсү болуп “Центеррага” кирет. Кыргызстанда мурун жалгыз бир киши болсо, азыр 2 киши башкаруучу боло турган болду. Ошону менен бирге кыргыз тарапта 66 млн. 300 миңге жакын акциябыз бар. Ушунун баалары жакынкы арада көтөрүлөт го деп ойлоп атабыз. Экинчиден, мындан ары “Центера” компаниясы Кыргызстан менен иштеп атканда 2008-жылы алтындын баасы өзүңүздөр билесиздер кесин түрдө эки эсе өсүп, азыр бир унцийи 680 доллар туруп атат. Бирок ошого карабастан Кыргызстан дагы эле салыктан төлөмдөрдү жакшы ала албай жүргөн. Ошондуктан биз айтып атабыз, канча алтын чыкса ошондон 10 пайызын дароо бюджетке төлөп бересиңер деп. Азыр кыргызстандыктар баарыбыз ошону карап турабыз. Бул түшүнүктүү. Бир пайызын көлдү өнүктүрүү фондуна төлөп турасыңар дедик. Эмдиги жылды эсептеп атабыз, көлдү өнүктүрүү фондусуна эле 2 млн. 200 миң доллар түшкөн атат. Анан 310 миңи экологиялык максаттка жумшалат. Бирок бул төлөмдөргө жеке подоходный налог төлөнбөйт, социалдык төлөмдөр жүрбөйт, бажы салыктары алынбайт . Эгерде ушулардын баарын карап көрө турган болсок, үч жылдын ичинде 160 млн. доллар бизге төлөмдөр болот. Төрт жылдын ичинде болгону 99 млн. доллар гана төлөнгөн. Салыкты дагы эки эсе көбөйткөн атабыз, өзүбүздүн акцияларды да эки эсе көбөйттүк.

- Ошондо салык казылган алтындан төлөнөт экен да?

- Алтындын баасынан төлөнөт.

- Бюджетке ошондо канча акча түшөт деп эсептеп атасыз?

- Өткөндө билесиздер, сүйлөшүүлөр болуп, кыргыз тарабы Москвага, Түркияга учуп жалгыз эле өзүбүз чечип коебуз деп атып, бизге болгону 6 жарым миллион гана акцияларды беребиз деп аткан. Бул болгону 73 млн. доллар болчу. Сүйлөшүүлөр башталган убактагы баасын карай турган болсок 100 млн. долларды түзгөн. 60 пайызын “Камеко” алсын, 40 пайызын биз алабыз, ошондо буюрса 100 млн. алабыз дегендин тегерегинде сөз болгон. Биз мунун баарын четке кактык дагы азыр биз 33 пайызыбыз бар деп эсептеп, 52 пайыз кылыш үчүн 19 пайызын сурадык. Ошол 19 пайыз 2003-жылда 32 млн. 300 миңден ашык акция болчу. Ошол акцияны биз өзүбүзгө алдык. Канадалыктар менен биринчи сүйлөшкөнгө караганда беш эсе көп акцияны алдык жана салыктардын көлөмүн дагы 5 эсе көбүрөөк көбөйтүүгө жетиштик деп айта алам.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG