Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:13

ООГАНСТАН: БАРЫМТАДАГЫЛАР БОШОТУЛДУ, СҮЙЛӨШҮҮЛӨРДӨН КИМ УТТУ?


Төрөкул Дооров, Прага Ошентип, бир канча аптадан бери Ооганстанда талибдердин колунда барымтада жаткан 19 түштүк кореялык туткундан бошотулду. Ал боюнча өткөн сүйлөшүүлөрдү батыштык айрым саясатчылар менен аналитиктер талибдердин “жеңиши” катары баалап жатышат. Ошол эле учурда дагы бирөөлөрү ооган бийликтери талибдердин талабына көнбөй, барымтадагыларды түрмөлөрдөгү талибдер менен алмаштырбай, “сөзгө бекем тура алаарын көрсөтүштү” дешет.

Барымтада калгандардын эң акыркысы бейшембиде бошотулгандан тарта мунун айланасындагы окуялар жөнүндө өйдө-төмөн сөздөр да улам күчөй баштады.

Талибдер менен сүйлөшүүлөргө катышкан Түштүк Кореялыктар расмий Сеул ушул жылдын аягына чейин ооган жеринен 200 аскерин алып чыгып кетээрин убада кылышат. Негизи, Түштүк Корея бул чечимге барымта окуясынан мурда эле келген болчу. Андан сырткары, алар эми Ооганстанга өздөрүнүн “диний миссионерлерин” да жибербөөгө сөз беришти.

Даниянын Тышкы иштер министри Пер Стиг Мюллер барымтадагыларды бошотуу менен байланышкан соңку сүйлөшүүлөр жайчылык максатта иш кылып жүргөн куралсыз адамдар үчүн коркунучтуу деп билээрин айтат. “Анткени террористтер эми көбүрөөк чет-өлкөлүктөрдү колго түшүрүп, анан башка өлкөлөрдүн тышкы саясатына үстөмдүк кылышы айкын”, - дейт Мюллер.

Германияда болсо оппозициялык Жашылдар партиясынын өкүлү Уинфрид Натчуэй Түштүк Корея түздөн-түз талибдерге байланышка чыгып, алар менен сүйлөшүү өткөргөнүн “Талибандын саясий жеңиши” деп караганга болот деп ойлойт.

Анын оюна, кайсыл бир деңгээлде, Ооганстан боюнча эксперт, Нью-Йорк Университетинин Эларалык кызматташуу борборунун директору Барнетт Рубин да кошула турганын билдирди. Анын айтымында, чын эле бул Талибан үчүн “тактикалык ийгилик” болду. Бирок, ошол эле учурда, анын маанисин көбүртүп-жабырта берүү деле болбойт. Анткени чын-чынында талибдер барымта окуясынан баары бир каалаганын ала алышкан жок.

- Алардын талаптарынын баары аткарылган жок, анткени түрмөдө отурган талибдер бошотулбады. Бирок, менимче, Талибдер үчүн мында эң башкысы – алар да эларалык деңгээлде сүйлөшүү жүргүзүп, чечим кабыл алууда роль ойной ала турганын далилдеш болчу жана алар өздөрүн сүйлөшүүлөрдө чыныгы позициясы бар тарап катары көрсөтө алышты. Келишимди да кабыл алууга жетишишти, - деди америкалык эксперт Рубин.

Расмий Кабул болсо барымтачылар менен сүйлөшүүлөргө баруудан баш тарткан. Президент Хамид Карзайдын администрациясы Түштүк Корея менен жүргөн сүйлөшүүлөрдү “талибандын пропаганда жеңиши болду” деп айтууга кошулбай турганын айтат. Ооганстандын Тышкы иштер министри Рангин Дадфар Спанта “Азаттыктын” ооган редакциясына жума күнү билдиргендей, Түштүк Кореялык өкмөт өкүлдөрү ооган өкмөтү менен акылдашканга чейин, талибдер сүйлөшүүлөр үчүн койгон талаптарга көнбөй келишкен.

- Алар аман-эсен барымтадан бошогонуна биз өзүбүздү бактылуу сезип турабыз. Биз кореялык расмий адамдар менен бул жакта барымтада калгандарды кантип бошотуп, үйгө жиберүүнүн жолдору тууралуу бирге иштедик. Алты апта бою алар жасаган ар бир кадам ооган өкмөтү менен биргеликте иштелип турду, - деди ооганстандык министр.

Бул жолку барымта окуялары талибдер 19-июлда түштүк кореялык 23 жаранды туткунга алганда башталган. Кийин алардын ичинен эки кишини мууздап салышты. Ооган ортомчулары менен жүргөн сүйлөшүүлөр эч кандай жыйынтык бербегенден кийин, Түштүк Кореянын өкмөтү өзү талибдер менен сүйлөшүүгө киришти. Ошондо ооруп жаткан эки аял бошотулган. Калган 19 адам ушул жумада туткундан чыгышты.

Талибдер өзү Кабулдан ооган түрмөлөрүндөгү жактоочуларын бошотууну талап кылышкан. Бирок ооган бийликтери андан баш тартышты.

XS
SM
MD
LG