Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:17

ЭКСПЕРТ: ХЕЗБОЛЛА ЕВРОПАДА ТЫЮУ САЛЫНЫШЫ КЕРЕК


Александр Рицманн Брюсселдеги Демократия үчүн европалык кордун улук изилдөөчүсү жана бир нече жылдан бери Ливандык Хезболла уюмун Европада террордук уюмдардын тизмесине кошуу үчүн күрөшүп келет. Германияда жана Европада мусулмандардын радикалдашуусу менен катар, Хезболла жана Хамас уюмдарын изилдеген адис мурда немис парламентинин мүчөсү болгон. Рицманн ушул жумада «Азаттыктын» Прагадагы штаб-квартирасында болгон эле. Аны менен маекти азыр Жаңыл Жусубжан сунуш этет.

- Сиз соңку жылдары Хезболланы Европадагы террордук уюмдардын тизмесине алуу үчүн күрөш жүргүзүп келесиз. Европада мисалы Хизбут-Тахрир жана башка уюмдар бар, алардын арасынан сизди эмне үчүн Хезболла айрыкча тынчсыздантат?

- Хезболла буга чейин террордук чабуулдарды жасаган. Алар мисалы 1992-жылы Берлинде ирандык оппозиция саясатчыларын өлтүрүшкөн, мында алар Ирандын куралы болуп кызмат өтөгөн. Аргентинада Буэнос-Айресте жөөттөрдүн маданий борборун бомбалашкан. Бул сотто далилденген. Аларга акыркы 20 жылда Европадагы жардыруулар жана киши өлтүрүүлөр боюнча айыптар коюлуп келген.

- Хезболланын Европада канча колдоочусу бар?

- Германияда коопсуздук кызматкерлери 900 жолдоочусун билишет, алар Хезболланы официалдуу колдошот. Шийилердин майрамдарында Хезболланын миңдеген колдоочулары чогулушат. Башкача айтканда, бул уюмдун колдоочулары ар кыл. Активисттердин негизги тобу менен катар уюмга жан тарткан адамдар бар. Негизги топто Германияда 900 чакты киши бар. Ушул эле сандагы колдоочулар башка европалык мамлекеттерде да бар.

- Хезболланы террордук уюм деп жарыялаганда эмне өзгөрөт? Европа буга чейин Хезболлага карата жүргүзүп келген саясатына кандай карайсыз?

- Бир катар себептерден улам европалыктар Хезболланын бар экенин 20 жылдан бери көрмөксөнгө салып, же ага жылуу мамиледе болгон. Менимче Хезболлага Европада тыюу салууга мезгил келди. Алардын банк эсептериндеги акчалар "тоңдурулуп", Европадан Ливандагы Хезболлага акча которууга тыю салуу зарыл. Бул дароо эле өзгөрүш алып келет. Ошондо, Израилди жок кылууну көздөгөн, Кошмо Штаттары жана башка Батыш күчтөрү менен согушкусу келген жана Ливанда Иранга окшогон мамлекеттик түзүлүштү орнотууну каалаган уюмду колдоону токтоткон болобуз. Биз бул максаттарды колдобойбуз, ошондуктан чара көрүшүбүз керек.

- Буга чейин сиздин Германия менен катар, Франция, Италия, Швеция, Испания сыяктуу европалык мамлекеттер Хезболлага тыю салууга каршы болуп келишти. Ошол эле мезгилде булардын айрымдары Хезболлага салыштурмалуу коркунучу азыраак башка уюмдарды, мисалы зордукчул аракеттерди колдобогон Хизб-ут-тахрирди мыйзамдан сырткары деп жарыялашкан. Кандайча ушундай болуп атат?

– Хезболла татаал уюм. Алардын өтө күчтүү саясий канаты бар, ошондой эле социалдык жана террористтик канаттары бар. Айрымдар буларды бөлүп карайт. "Бул террористтик канаты, биз муну каалабайбыз. Бирок биз алардын саясий партия экендигин таанышыбыз керек" деп айтышат. Ошондо "Хезболла саясат менен ойногон жихадисттик террордук уюмбу же кээде террордук чабуулдарды ишке ашырган саясий партиябы?" деген суроо туулат. Мен билгенден, Хезболла өз кызыкчылыгына жараша саясат менен ойногон жихадисттик террористтик кыймыл. Алардын кеңири социалдык базасы бар. Алар мектептерди, ооруканаларды, банктарды ачышкан. Түштүк Ливанда Ливан өкмөтүнүн ордун ээлеп калган. Алардын идеологиясын колдогондорго саламаттык кызматтары бекер, окуу бекер, жакшы кызмат табылат. Бирок бул кыймыл террористтик чабуулдарды ишке ашырган жана биз аларга кылган ишине жараша баа беришибиз керек. Айрымдардын аларды өчөгүштүргөндөн корккону башка маселе. Мисалы Хезболла Испаниянын, Франция, Германия, Италиянын Ливанда турган тынчтык аскерлерин бутага алышы мүмкүн, ал тургай Европада кишилерди өлтүрүп, жардыруу жасашы мүмкүн. Хезболлага тыюу салынбай келатышынын ар кыл себептери бар жана бул татаал маселе.

XS
SM
MD
LG