Аталган комиссия АКШ өкмөтүнүн Ак үйгө, Мамлекеттик департаментке жана Конгресске дин маселелери боюнча кеп-кеңеш бере турган, бей тарап орган болуп саналат. Бул комиссиянын төрагасы Майкл Кромартинин “Азаттыкка” президент Гурбангулы Бердымухамедовдун мындан жарым жыл мурда түзүлгөн өкмөтү туура нерселерди сүйлөгөнү менен, аларды иш жүзүнө ашыруу али алдыда экендигин белгиледи. Эгер, Түркмөнстандан кайра кайтаардын алдында президентке дагы бир жолу жолугууга мүмкүндүк болгондо, сиз ага эмне деп айтаар элеңиз деген суроого Кромарти мындай деди:
– Биз мисалы, “Президент мырза, силердин 2003-жылдагы дин боюнча мыйзам чукул арада реформалоого муктаж. Сиздин өкмөттө биз кездешкен адамдар "биз диний эркиндиктерди Түркмөнстандагы бардык диндерге жайылтабыз" деп айтышканы менен, иш жүзүндө көп адамдар өздөрүн куугунтуктагыдай сезишет, алардын сыйынуу иш-жөрөлгөлөрү үзгүлтүккө учураган учурлар бар, башка диндин адамдарын сыйлабаган тартип коргоочулар жана тыңчылар аларды куугунтукка алат. Сиз конституцияны кандай жаздырган күндө да, Түркмөнстандын жаңы саясаты ылдый жактагыларга жете элек” деп айтмакмын,- деди биздин радиого америкалык комиссиянын жетекчиси.
Кромартинин айтымында, Түркмөнстанда укук коргоочулар жана диний өкүлдөр америкалык делегаттардын келгенине өтө кубанышкан жана "биздин өкмөткө кысым көрсөтүп, биз канчалык куугунтукка кептелип жаткандыгын айта бар" деп суранышкан. Жалпысынан, түркмөн өкмөтү америкалык өкүлдөрдү жылуу кабыл алган.