Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:40

АПТАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ


Дүйшөмбүдө “Киностан” эл аралык фестивалы башталды. Ага бир катар мамлекеттерден киноишмерлер келишти. Фестивалдын биринчи күнүндө малилик режиссер Абдеррахман Сессако тарткан “Бамако” фильми тартууланды. 2006-жылы жарык көргөн бул фильм эл аралык “Канн” кинофестивалында, ошондой эле Нью-Йорк, Роттердам, Белград, Лондон, Венада өткөн фестивалдарда көрүүчүлөрдүн сынына коюлган.

Ошондой эле казак режиссеру Аержан Өмирбаевдин “Киноман” киножурналы жана Орусиянын кинематографистер уюмунун “Кинофорум” журналынын бет ачары болду. Кыргызстанды автордук тасмалардын аймагына чордонуна айлантып, Европага жана башка өлкөлөргө даңазалоо максатында уюшулган бул фестивалда кыргыз режиссерлору Эрнест Абдыжапаровдун “Боз салкын”, Нурлан Абдыкадыровдун “Петрарканы окуганда”, Марат Алыкуловдун “Адеп-ахлак” фильми жана башка ушул сыяктуу жаңы тартылган тасмалар чет элдик конокторго сунушталды.

Шейшембиде улуттук филармонияда “Жапон музыкасынын майрамы” өттү. Ага Жапониянын Кыргызстандагы убактылуу жана ишенимдүү өкүлү Тацухико Касай, Маданият жана маалымат министри Султан Раев, Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү, “Кыргыз-Жапон” борборунун өкүлдөрү катышты. Концертте Жапониядан келген “Мацурине” тобу улуттук бийлерин жана музыкаларын тартуулашты. Бул топ буга чейин Германия, Түркия, Кытай жана башка мамлекеттерде өнөрлөрүн тартуулашкан. Топтун мүчөлөрүнүн бири Тадатоси Ямамато мырзаны сөзгө тартканыбызда Кыргызстанга болгон суктануусун мындайча билдирди.

- Биз алгач Өзбекстанга, андан соң Кыргызстанга келдик. Алгач көзгө урунганы тоолору, жана жашыл арчалары көзгө урунду. Былтыр келгенимде көлгө да барып эс алып кеткем. Чынын айтканда башка өлкөлөрдөн айрымаланган, кооз мамлекет экен.

Тадатоси Ямамато мырзанын сөзүн улай Жапониядан келген дагы бир конок Оригаса Есинори:

- Жапонияда жүргөндө Кыргызстан тууралуу элестете да алчу эмеспиз, эми өз көзүбүз менен көрүп, суктанып, кооз өлкө экенине ишенип олтурабыз- деген оюн айтты.

Жапония менен Кыргызстандын дипломатиялык алакаларынын он беш жылдыгына карата уюштурулган кеченин алкагында ошондой эле “Жаш кыял” жана “Шаттык” үлгүлүү бий ансамблдери да бир нече бийлерин тартуулашты жана “Кыргыз-Жапон” борборунун алдында түзүлгөн “Оэдодайко” урма аспаптар тобунун өнөрпоздору да өнөрлөрүн тартуулашты. Топтун репертуарында эки өлкөнүн музыкаларын айкалыштырып ойногон композициялары бар.Кыргыз-Жапон борбору эми алдыда “Күзгү жалбырактар” фестивалын уюштурууну көздөөдө.

Гапар Айтиев атындагы улуттук сүрөт музейинде Орозкан Мамбеталиеванын “Менин өлкөм” аттуу жеке көргөзмөсү жүрүп жатат. Анда Кыргызстандын табиятын, көрүнүктүү жерлерин, борбор калааны чагылдырган сүрөттөр, белгилүү инсандардын портреттери коюлган. Орозкан Мамбеталиеванын чыгармаларындагы негизги тема бул табияттын көрүнүштөрү. Мисалы бул көргөзмөдө алтымыштай сүрөт коюлса анын кырктан ашыгын тоо-ташты, Ысыккөлдү, анын тегерегиндеги айылдардын көрүнүшүн чагылдырган сүрөттөр түзөт.
Сүрөтчү буга чейин да бир катар көргөзмөлөрдө эмгектерин көрүүчүлөрдүн сынына койгон. Ошондой эле Индия, Түркия, Орусия мамлекеттеринин сүрөтчүлөрү менен биргелешип көргөзмө уюштурган. Анын жыйырма эмгеги Гапар Айтиев музейинин алтын фондунда сакталуу.Ал эми бул жолку көргөзмөсү 5-сентябрга чейин созулат.

31-августта өлкөдө эгемендүүлүк майрамы белгиленди. Көз карандысыздык он алты жылдыгына арналган салтанат Бишкекте борбордук аянтта өттү. Салтанат театралдаштырылган оюн-зоок, спорттук оюндар менен коштолду. Ал эми маданият үйлөрүндө ырчы-куудулдардын концерттери өттү.
XS
SM
MD
LG