Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:41

8:14 Бүгүн Биринчи эл аралык Ысыккөл кинофестивалы башталат


Чолпонатада өтө турган ШКУга мүчө өлкөлөрдүн фестивалына бул уюмга кирбеген өлкөлөрдөн, мисалы Беларус, Украина, Армения, Азербайжан, Түркиядан дагы тасмалар катышмакчы. Уюштуруучулардын айтымында, Биринчи эл аралык Ысыккөл кинофестивалы ШКУга мүчө өлкөлөр ортосунда маданий байланышты бекемдөө, өз ара тажырыйба алмашуу жана жаш муунду бул тармакка тартуу максатында өткөрүлүп жатат. Калыстар тобунун мүчөлөрү тарабынан кароого фестивалга келип түшкөн алтымыш тасманын арасынан отузга жакыны тандалып алынды. Фестивалдын жеңүүчүлөрүнө күмүштөн жасалган медалдар жана акчалай сыйлыктар берилет. 9-сентябрга чейин улана турган фестивалга чет өлкөлөрдөн бир катар белгилүү режиссерлор жана актерлор катышары күтүлүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” фестивалдын генералдык директору Замир Эралиев билдирди. (ZMa)

XS
SM
MD
LG