Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:52

АФИША: ЖАҢЫРГАН ЖУМАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ


Бүгүн Чолпон-Атада ШКУна катышкан өлкөлөрдүн биринчи Ысыккөл фестивалы башталат. Ага ШКУга мүчө мамлекеттерден тышкары Армения, Иран, Украина, Азербайжан өлкөлөрүнүн киноишмерлери катышат. Ошондой эле Италия, Орусиянын белгилүү актерлору келиши күтүлүүдө. Улуттук “Кыргызкино” концерндин жетекчиси Замир Эралиевдин билдиргенине караганда бул фестивалда 11 толук метраждуу, 29 кыска метраждуу көркөм тасма жана 20 даректүү тасма көрсөтүлөт. Фестивалдын салтанаттуу жабылышы 9-сентябрда улуттук филармонияда болот.


5-сентябрдан тарта Жалалабадда Барпы театрында “Кайып булак” тасмасы көрсөтүлүп баштайт. 6-сентябрда Бишкекте өзбек ырчысы Райхондун концерти болот. 8-9-сентябрда Кожомкул атындагы спорт ордосунда Ташкент кызы Гүлдүн алгачкы жеке концерти өтөт. Ага ырчынын сахналаш достору жана Өзбекстандык ырчылар келишет.


7-сентябрда Улуттук опера жана балет театрында Латын Америка бийинин кечеси өтөт. Прогрммада АКШдан келген Карлос Кениг жетектеген топтун бийчилери өнөрлөрүн көрсөтүшөт. Коноктор ошондой эле Бишкектеги жана Караколдогу бий студияларында болушуп, устаттык сабактарды өткөрүшөт.

7-сентябрдан тарта 13-сентябрга чейин тарых музейинде мусулман кийимдеринин көргөзмөсү болот. Ага Иран жана Кыргызстандын кийим тиккен чеберлери катышат.

Гапар Айтиев атындагы улуттук сүрөт музейинде сүрөтчү Орозкан Мамбеталиеванын “Менин өлкөм” аттуу жеке көргөзмөсү өтүүдө. Анда сүрөтчүнүн табият көрүнүштөрүн чагылдырган эмгектери коюлган.

Бул көргөзмө менен катар болгар айкелчиси Александр Пройновдун “София-Бишкек” аттуу көргөзмөсү жүрүп жатат. Кыргызстандын жана Болгар Республикасынын көз карандысыздык күнүнө карата уюштурулган бул көргөзмөдө анын күмүштөн жасалган айкелдери, графика жанрындагы сүрөттөрү коюлган.

Ал эми “КыргызАртекс” көркөм өнөр борборунда Владимир Воронин менен Нина Коростошованын эмгектеринен турган көргөзмөсү өтүдө. Анда сүрөтчүлөрдүн сериялык жумуштары, живопись, графика жанрындагы сүрөттөрү коюлган.

Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG